
22-сентябрда Start видеосервисинде
Нурбек Эгендин “Шерлок Орусияда” детективдик сериалынын бет ачары болот. Сериал
Артур Конан Дойлдун Шерлок Холмс тууралуу чыгармасынын негизинде тартылды. Башкы ролду атактуу орусиялык актёр Максим Матвеев аткарды. Нурбек Эген “Аталар керээзи”, “Ээнсиреген үй”, “Молот” жана башка тасмалардын режиссёру. Эген “Шерлок Орусияда” сериалынан тышкары “Алиби” аттуу орусиялык телесериалын тарткан.