
Мындан 4 ай мурда сүйүктүүсүнө баш кошкон актёр
Болотбек Тилек 8-октябрда борбордогу тойканалардын биринде заманбап үлпөт тоюн өткөрдү. Актёр өлкөдөгү окуя тойго келе турган конокторду, өздөрүн дагы тынчсыздандырганын билдирди.
– Жубайым экөөбүздүн жакшылыгыбыз ушундай кырдаалга туш болуп калды. Тойду сентябрь же октябрь айларында өткөрүүнү пландап, шайлоодон кийинки датаны тандап алганбыз. Шайлоодон кийин ушундай болуп кетерин эч ким билген жок да. Меймандар тынчсызданып, «той болобу же жылдырылабы?» деп сурап жатышты. Өлкөдөгү баш аламандык тоскоолдук жаратпай койгон жок. Ошентсе да тоюбуз жакшы өттү.