
Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы болуп Канат Шабданбаев дайындалды. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду. Маалыматты аталган агенттиктин басма сөз кызматы таратты. Ал эми буга чейин агенттикти Канат Аманкулов жетектеп келген. Аманкулов бул кызматка 2016-жылы бекитилген.
Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине шайланган Канат Шабданбаев 2017-жылдан баштап ушул күнгө чейин аталган мекеменин алдындагы Спорттук курулуш жана спорттук камсыздоо мамлекеттик мекемесинин директору болуп иштеп келген. Ал учурда 38 жашта.
Гүлжан Асанкожоева