
3-ноябрдан 8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 29 жылдыгына карата көк бөрү боюнча президенттин Кубогу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Жыл сайын өтүүчү президенттин Кубогунун алкагында ат оюндары өткөрүлөт. Анын ичинде эр эңиш, ат чабыш жана салбуурун бар.
3-ноябрдан тартып көк бөрүнүн башталгыч беттештери орун алат. Ал эми 8-ноябрда көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыш боюнча жалпы финалдык оюндар болмокчу. Эскерте кетсек, өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамына карата жыл сайын 31-августта өтүүчү бул мелдеш пандемия кырдаалынан улам быйыл артка жылып келген.
Жумабай Акимов