
Таластын “Ынтымак” командасынын, Кыргыз улуттук курамдын эң мыкты аттарынын бири, 2019-жылдын мыкты аргымагы Геркулес оорудан улам өлгөндүгү маалым болду. Анын өлүмү көк бөрү мелдешинен тышкаркы учурда катталган.
Геркулес “Арашан”, “Бакубат-Талас” жана “Ынтымак” командаларында оюн көрсөткөн. Көк бөрүдө “Ынтымактын” жердеги улакты эңүүдө жекеме-жекеге чыккан эң белдүү аргымагы болчу.
Белгилей кетсек, Геркулес 2018-жылдын март айынан тартып “Ынтымак” командасында ойноп келген. Анын породасы англис жана владимирский породаларынын аргындашкан түрү. Геркулес деген ысым менен таанылганга чейин аны “Томпой” деп аташкан.
Жумабай Акимов