БИР БҮРКҮМ. БИШКЕККЕ ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ...
№934 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
-

Парламент депутаты
Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министр болуп дайындалды.
-
Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды.
-
Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаевди СИЗО-1де кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
-
Аида Исмаилова эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына дайындалды, бул кызматты мурда Улукбек Кочкоров аркалап келген.
-
“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев ээлеген кызматынан бошотулду.
-
Өлкө боюнча 443 “Тез жардам” унаасы бар экени айтылды.
-
Мурдагы премьер Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланды.
-
Өлкөдө 26-октябрга карата 250 миңдей адам сасык тумоого каршы эмдөө алды.
-
Вице-премьерликке дайындалган Эльвира Сурабалдиеванын ордуна Жогорку Кеңешке депутат болуп Чынара Урумкалиева бекитилди.
-
Алмаз Мамбетов президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалды.
-
ИИМ: “9 ай ичинде өлкөдө кайырчылык кылган 139 өспүрүм аныкталды”.
-
15-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрда кызматтан бошотулду.
-
Ысык-Көл облусунда 3 айдоочу баңгизат ташып бараткан жеринен кармалганы маалымдалды.
-
25-октябрда өлкөдө белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун 100 жылдыгы белгиленди.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0