Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Мурат Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “АКТЁР БОЛУУ КЫЙЫН. ЧӨГҮП КЕТКЕН УЧУРЛАРЫМ БОЛДУ”№934 29-октябрь-4-ноябрь, 2020-ж.
– Мен кичине кезимде мектепке барганга чейин таенемдин колунда болдум. 5-6 жаштарымда кино көрсөм, таенемди отургузуп алып, ошол кинонун башынан аягына чейин ар бир каарманды ойноп берчүмүн. Сүйлөшкөндөрүн, атышканына чейин туурап, образга кирип, күлгөн жеринен күлүп, ыйлаган жеринен ыйлачумун. Таенем көрүп отуруп, “ушул балам артист болот” дей берчү. Артист болуп калышыма, балким, таенемдин сөздөрү түрткү болгондур. Теңтуштарыма “кино көрдүм, айтып берейинби?” деп оюмдан чыгарып айтып берип койчумун. 9-класста окуп жүргөндө киного жаш бала изделип жатканын көрүп, эжем жетелеп барган. Тандоодон 5-6 баланын арасынан өтүп кетип, “Ак куулар конгон айдың көл” тасмасында баш каармандын ролун аткарып калдым. Ошондо улуу инсандар Сабира Күмүшалиева, Таттыбүбү Турсунбаева, Орозбек Кутманалиевдер менен иштешип калдым. Мен үчүн түш көргөндөй эле болгон. Кээде четте отуруп алып алардын кантип тартыларын, кантип даярданарын кызыгып карап отурчумун. Ушуларга окшош болсом деп максат кылчумун. Менин алгачкы устатым, чыгармачылык чөйрөгө жетелеп келген киши Сабира Күмүшалиева болду. Тасмада кандай ойнош керек экенин көрсөтүп, кеңеш берди. Бул тасмада ал киши менин чоң апамдын ролун ойногон. Көрүүчүнү ишендире аткарыш үчүн жашоодо да дайыма жанында алып жүрүп, небересиндей мамиле кылып, мени ошол мамилеге көндүрүп алган. Экөөбүз кийин жашоодо да чоң эне-неберелердей мамилебизди сактап калганбыз. Орозбек Кутманалиев атамдын ролун аткарган. Жашоодо да аны көзү өткөнгө чейин ата деп жүрдүм. Апамдын ролунда Таттыбүбү Турсунбаева эле. Ал да мени балам деп жүрдү. – Артист болом, режиссёр болом деген ой менен чоңойдум. Ал кезде режиссёр болуш үчүн Москвадагы Кинематография институтуна тапшырыш керек болчу. Ал жакка тандоо катуу болгондуктан, күчүм жетпейт деп ойлодум. Анан артист болом деп Алматы шаарындагы консерваторияга тапшыргам. Кабыл алуу комиссиясында 15 киши, чоң-чоң казак артисттери отурду. Шарттарын аткардым, суроолоруна жооп бердим. Таң калтыра алган жокмун. Бир маалда комиссиянын арасынан бирөө “элестет, азыр ушул бөлмөдө өрт чыкты. Эмне кыласың?” деди. Өрт чыкканын элестетип, кийимдеримди чечип өрттү өчүрүп, суу чачып жатканымды көрсөттүм. Бир маалда жөтөлүп баштадым, терезе ачык турган экен, терезеден секирип кеттим. Баары каткырып калышты. Ошентип окууга өтүп кеткем. Экинчи устатым ССРдин Эл артисти Хадиша Букеева болду. Ал киши бизге куратор болду. Актёр болуу кыйын. Мен кээде бир нерсени жасай албай жатканда “мээм иштебейт турбайбы, туура эмес кесип тандап алган окшойм” деп чөгүп кеткен учурларым болду. Ошондо Букеева жаныма келип, “балакай, бир эле нерсени жасай албай чөгүп жатасың. Жашооңдо мындай учур көп болот. Баарын жеңишиң керек. Мен да кээде жасай албай калам. Бирок жан талашып аракет кылам” деп айтар эле. Педагогдор ушундай, студенттин талантын ачайын деп ар бирине жекече мамиле кылышат. Бирок иштеп баштаганда андай эмес да. Окууну бүткөндөн кийин Кыргыз драма театрына келип иштедим. Биринчи жолу сахнага чыкканда бир режиссёр “тетиги чычкак козуга окшогон артистти театрга ким алган? Кетиргилечи” деп кыйкырган. Мага катуу тийди, бир бөлмөгө кирип алып ызаланып ыйладым. Мени ушинтип жатышса, бекер эле актёр болуптурмун деп ойлодум. Ошондо Букееванын “театрга барганда сазайыңды берет, күчтүү бол” дегенин эстедим. Бардык кыйынчылыктарга чыдап иштей бердим. Ошол мага кыйкырган режиссёр 10 жылдан кийин менин киномдо эпизоддук роль ойноду. Чыдабай кетип калсам, мунун баары болмок эмес. Театрга алгачкы жолу келгеним да кызык. Окууну Казакстандан бүтүрдүм деп кыйын болуп келгем. Ошол маалда жаш актёрлор керек болуп калып эле мени жумушка алышкан. Болбосо Кыргыз драма театрына жумушка кириш оор. Кезек күтүп отургандар канча. Жумушка алынгандардын тизмесин карап жатсам, жанымда бою меникиндей, өзү менден улуураак бирөө турган. “Сен эмне актёрсуңбу?” деп ага кыйын болсом, “ооба” деди. “Мен да актёрмун. Кел, таанышып алалы” дегем. Ал көрсө, Муканбет Токтобаев экен. 3-4 күндөн кийин жаңы даярдала турган спектаклде кимдер ойноору боюнча тизме илинди. Чуркап келип карасам, тизменин эң ылдый жагында “Мамбетов – шашлык көтөрүп чыккан бала” деп жазып коюшуптур. Токтобаев башкы ролдо экен. “Экөөбүз бир эле келбедикпи. Эмнеге ага башкы ролду беришет?” деп жиним келди. “Демек, бул аябай куу жигит экен. Кандай жол менен башкы ролду алып алды?” деген жаман ойлор келди. Муканбетти жаман көзүм менен карайм, ал учурашат, менин учурашкым келбейт. Анан биринчи репетицияга келгенде анын иштегенин көрүп таң калдым. Көрсө, ал залкар экен. Муканбет 10 жыл Ош драма театрында иштеп, ал жактан которулуп келиптир. Биринчи репетицияда эле ролун жасап койду. Мен “багалаң козудан жасалган шашлык” деп айта албай жатсам, ал чоң монологдорду айтып жатат. Ошондон кийин Муке деп сыйлап калдым. Ал аябай жөнөкөй адам эле. Ошентип шашлык көтөргөн баланы, найза көтөргөн адамдарды ойноп жүрүп, 1 жылдан кийин гана Мырзабек Тойбаевдин “Ак жол” деген пьесасында башкы каарман Тарас деген баланын ролун ойногом. – Ар бир театрда жумуш жакшы жүрүшпөй калган учур болот. Кыргыз драма театрында да жакшы спектаклдер коюлбай, актёрлор иштегиси келбей, көрүүчүлөр келбей калган учур болгон. Ошол учурда эч кимге көз каранды болбой, өзүбүзчө пьеса тандап, спектакль койбойлубу деп пикирлеш актёрлор чогулдук. Жумуштан кийинки убакытта чогулуп Жеңишгүл Өзүбекованын “Апамдын махабаты” деген пьесасын тандап, спектакль даярдадык. Ошол спектаклге көрүүчүлөр көп келди. Андан кийин эле Жеңишгүлдүн “Карагыз” пьесасын алып чыктык. Ага да эл жакшы келди. Эл биздин спектаклдерди сурап башташты. Бул нерсе жетекчилерге жакпай калды. “Тунгучту” жойгула, спектаклдерге Кыргыз драма театрынын актёрлорун кошкула же кеткиле” дешти. Биз кеттик. Башында кыйын болду. Акчабыз жок, имаратыбыз жок. Бир гана 2 мүшөк идеябыз, иштөөгө, изденүүгө умтулуубуз гана бар. Ошондо ССРдин Эл артисти, Театр ишмерлери союзунун жетекчиси Чолпонбек Базарбаев конторасынан бир бөлмө берип жардам кылды. Акчадан кыйналдык. Спектакль коюп жан бага албасыбызды түшүнүп, айла жок концерт коё баштадык. Театрлаштырылган концертти алгачкы жолу биз бердик. Спорт ордосуна 3 күн концерт берсек, эл кетпей койду. Концертибиз 7 күнгө узарды. Ошко барганда 12-15 күндөп берчүбүз. Буга жетиш үчүн да көп эмгек кылдык. Концерттерибизге эч ким келбей койгон, 20-30 гана киши келген учур болду. Башында Ошко гастролго барып, бир тыйыны жок кайтканбыз. Тапканыбыз бензинге, тамакка, жашаганга гана кетиптир. Арабыздан айрымдар шалпайып калышты. “Минтип жашай албайбыз, тарайлы” дешти. Жаңы идея керек болду. Өзүбүздү элге таанытуубуз керек экенин түшүндүк. Телеге чыгышыбыз керек деп, Эгемберди Чалабаев экөөбүз “Келгилечи, күлөлү” комедиялык программасына тамашаларды жазып, аткара баштадык. Эл күтүп көргөн берүү болду. “Келгилечи, күлөлү” деп концерт койсок, эл көп келди. – Режиссёр катары алгач “Аян” деген кино тарттым. Сценарийин өзүм жаздым, режиссёрлук кылдым, башкы ролду ойнодум. Мен эч качан режиссёр болом деп жулунган эмесмин. Жагдай ушундай болду. “Аян” тасмасын тартыш үчүн Алматыдан режиссёр чакырганбыз. Кинонун 10 пайызы тартылып калганда режиссёр кетип калды. Улантыш керек болду. Жамал Сейдакматова “Мурат, сценарийин сен жазгансың, сен тартасың, бүттү” деп койду. Ошентип тартып калдым. “Чиркин өмүрдү” тартканда да ушундай окуя болду. Жеңишгүл Өзүбековага сценарийин жазганга жардам бергем, башкы ролду ойноп жаттым. Анда КТР “4 серия тартып көргүлө. Жакшы болсо улантасыңар” дептир. 4 серияны тартып, көрсөтүп, уландысын тартыш керек болгондо режиссёр жок болуп калды. Эмне болгону эсимде жок. Ошондо да кесиптештерим “сен тарт” деп тарттырып коюшкан. Өзүмө режиссёрлук көбүрөөк жагат. Бирок менде актёрлук көбүрөөк. Анткени мен режиссёр катары иштеп жатканда да актёрлорго жан тартам. Актёр куласа, бир жери ооруп калбасын деп ойлоном, сыз жерге жатыш керек болсо, “үшүп калбасын, астына бир нерсе салып койгула” дейм. Чыныгы режиссёр актёрдун кыйналып жатканын ойлобойт. Режиссёр катары бир канча кино тартсам да, өз киномду тарта элекмин. Кино тартып бүткөндө “оо, ушул менин кином турбайбы” деген ой келиши керек, андай ой келе элек. Кино тартканда каражат жетишпей, убакыт тар болуп шашып тартып жаттым. Бир эпизодду бир күн майын чыгара тарта турган мезгил мага качан келет деп ойлоном. Мисалы, “эмнеге кызыл алып келдиңер, ал көк болушу керек?” десең, “көк жок экен” деген жооп угасың. Анан ошого макул болуп тарта бересиң. Мен тасмаларымды ушундай шарттарда тартканыма ичим ачышат. “Жок, кызыл таап келгиле” деп талап койгон мезгилге качан жетем?” деп ойлоном. Наам боюнча нааразычылыгым жок. Наамды татыктуулар алса кубанасың. Бирок тааныш аркылуу же жылкы союп чоңдорду сыйлап наам алгандарды көрдүм. Мен бирөөнүн алдына барып кошомат кылып же акча бербейм. Эмгегимди эл билсе болду. Талант деген өтө чоң сөз. Бизде миң жылда, жүз жылда бир жаралчу Муратбек Рыскулов, Болот Миңжылкыев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттар бар. Талант деген сөз мага карата колдонулганда тартынам. Балким, жөн гана жөндөмдүүмүн, балким, талантым деле бар. Аны көрүүчүлөр айтышсын. – Мурат убакытка так, жоопкерчиликтүү, бир ишти баштаса, ошол ишке баш-оту менен кирип кеткен адам. Үй-бүлөнү, ден соолугун да унутуп коюп, баштаган ишине өзүн берип коёт. Немистей так жүрөт. Эч жакка кечикпейт, эрте да барып албайт. Мен мурда кечигип эле жүрчүмүн. Мурат мени тарбиялады. Азыр тойго барарда “6га чакырса 7де башталат да” десем, “канчада башталса да чакырган убакытка барыш керек” деп алып кетет. Кандай иш баштабасын мени менен кеңешет. Киного тартылуу боюнча сунуш түшсө сценарийди окутуп, “мага жарашабы?” деп сурайт. Мен оюмду айтам. Кино тартса да алгач мага көрсөтүп, оюмду сурайт. Мурат “эркек кишинин жумуштан үйгө шашканы жакшы. Мен үйгө шашам, силер мага дем-күч бересиңер” дейт. Эл Муратты Эл артисти деп ойлошот. Эл артистин илгери эле алышы керек болчу деп ойлойм. 2 киного тартылып, 2 ыр ырдап деле наам алгандар бар. “Аракет кыл” десем, “бербесе койсун, жалдырамак белем?” дейт. – Мурат менен Кыргыз драма театрына келип иштеп калганда таанышкам. Кийин пикирлеш болуп “Тунгуч” театрын түзүп, өзүбүзчө бөлүнүп кеттик. Оюбуз, максатыбыз бир болду. Чыгармачылык жолдо дайым чогуу болдук. Азыр да экөөбүз тең Искусство институтунда жаштарды тарбиялап жатабыз. Мурат эмгекчил, пунктуалдуу, кесибине чын дилинен мамиле жасаган, адал эмгек кылган таза киши. Анан жаңычылдыктын артынан жүргөн киши. Жаңычылдык болуп турбаса чыгармачылык токтоп калат. Мурат муну жакшы түшүнөт. Азыр да изденүүнүн үстүндө жүргөн мугалимдердин бири. Кыргыз драма театрында иштеп жүрүп “Тунгуч” театрын түзүп кетпедикпи. Анда деле жылуу ордун муздатпай иштей берсе болмок да. Бирок ал жаңы нерсени каалады. Андан кийин режиссёр, сценарист катары ачылды. Театрдан кетүүсү анын чыгармачылыктагы башка мүмкүнчүлүктөрүн ачты. Мурат кыргыз искусствосуна чоң салым кошкон таланттуу адам. – “Чиркин өмүрдү” тартабыз деп калганыбызда “ушундай сериал тарталы деп жатабыз, кол кабыш кылчы” деп суранып чакырдым. Анда анын популярдуу кези эле. Макул болуп келди. Сценарий жазганга жардамдашты. Эксперимент катары алгач 4 серия тартмакпыз. Бекжан Айткулиев деген кино өнөрүндөгү таланттуу жигит бар эле. Кесиби оператор, бирок өзү сценарий жазып, режиссёрлук да кылып жүрчү. Сериалды Бекжан тартып баштады. 4-сериядан кийин Бекжандын көзү өтүп кетти. Андан кийин “Чиркин өмүрдү” Мурат жоопкерчиликти алып тарта баштады. Бул сериалды штативинин башы шылкылдаган 1 гана камера менен тартканбыз. Сериалга жалпы 180 миң сом гана бөлүнгөн. Калганы элдин жардамы менен ишке ашты. “Үйүңдү берип турчу, арабаңды берип турчу” деп элден жардам сурап тартканбыз. Эл артисттери күнүнө 200 сомдон гонорар алып иштешти. Ал дагы күн сайын боло бербейт. Ушундай шарттарда сериал тартууга жоопкерчилик алуу чоң эрдик деп эсептейм. Оор болду. Андан кийин “Апамдын махабатын”, “Кууш жолдону” деле бир камера менен тартканбыз. Бир камера менен сериал тартыш кандай кыйын экенин элестетсеңер. Мен башка режиссёрлор менен да иштешип көрдүм. Улам үйүндөгү маселелерин айтып, акча эле сурай бергендер бар, өзүн кыйын сезип керсейгендер бар. Муратта андай сапаттар жок. Анын үйүндөгү маселелерин сыртка чыгарганын да уккан жокмун. Ач көздөнбөйт. “Мындай болсо иштебейм” дебей мүмкүнчүлүктөргө карата мамиле жасайт. Төшөккө карап бутту сунуп, акыл менен калчап, иштин пайдалуулугун көздөйт. Бүгүн болбосо эртең болот деген топуктуу адам. Драматургдун жүрөгүндөгүнү айттырбай түшүнгөн, эмнени жазганыңды туура тилге которо билген режиссёр чанда кездешет. Мурат ушундай, ал оюмду окуйт, керектүү жерден кошумчалайт. Мурат жөнөкөй киши. Жаркыраган нерсе тартып келсе да “билбейм, жакшы же жаман деп айта албайм, силер көргүлөчү” дейт. Эч качан өзүн жарнамалабаган, керсейбеген, көкүрөгүн көтөрбөгөн улуу талант. Мен анын жөнөкөйлүгүн, улуулугун сыйлайм. Перизат Музуратбекова "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(5)
Aibike17
![]()
02.11.2020. 23:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай таланттуу инсандарыбызды козу барда наам берип,котормолоп ,сыйлап алсак кандай жакшы болоор эле .Бул дуйнодон откондон кийин гана наам берип,",таланттуу эле ,укмуш эле"деп калышат биздикилер ...Бул кишинин баласы дагы майып болсо керек эле .
al-abu-kinesz
![]()
03.11.2020. 13:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгерде Мурат байке Чокморов, Рыскуловдордон мурда жаралганда даназасы сап башында турмак, мурункулар баары бир алдыда да. Кыргыз искусствосуна чыйыр салган инсандардын ондук тобуна киргизсе жарашат Мурат байкени
Gulnaz27
![]()
04.11.2020. 04:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин мамлекет ушундай залкар, таланттарга качан наам берет болду экен?
Bakbai
![]()
06.11.2020. 08:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен бул агайдын наамы бар деп ойлопмун биздин наам бергичтерибиз кимге бергенди билбесем коомдогу көр акмактар турбайбы .давно бериш керек болчу .таланттуу агай ю
mira28
![]()
07.11.2020. 11:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара Каримовага берилген наамды эстегенде тфу ушул жасалма, жем кор, адилетсиз бийлике деп жиним кайнап кетет. Далай Жан кейитип искусство го чон салым кошкон инсан дар четте, унутта калып, анан кайдагы чайылдактар элдин пулун топтоп алып ошол акчага наам сатып алып жатканы жанды кейитет.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|