БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК-НОВОСИБИРСК АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНА ЭЛЕК...
№935 5-11-ноябрь, 2020-ж.
Октябрь айында Кыргызстанда 1 милиард 286 миллион 78 миң киловатт-саат электр энергиясы пайдаланылганын “Улуттук электр тармагы” ишканасы билдирди.
-
Балбак Түлөбаев: “Бишкекте 15-20-ноябрь аралыгында коронавирус эпидемиясы боюнча эң жогорку көрсөткүч катталышы мүмкүн”.
-
Жарандык авиация агенттиги: “Бишкек-Новосибирск аба каттамы жандана элек”.
-
Финпол: “Таласта төө буурчактын баасын негизсиз арзандаткан алып сатарлар аныкталды”.
-
Ысык-Көл облусунун жетекчиси болуп Элчибек Жантаев дайындалды.
-
БШК мүчөлүгүнөн кеткен Атыр Абдрахматованын ордуна мурда аталган органдын төрагасы болгон Акылбек Сариев бекитилгени жатат.
-
Нурбек Козубеков “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
ИИМдин медициналык башкармалыгынын жетекчиси пара алууга шектелип кармалганын УКМКдан маалымдашты.
-
Бишкектин “Тазалык” ишканасына быйылкы кышта жолдорго кам көрүү үчүн 6500 тонна туз керек болсо, учурда анын 4340 тоннасы бар.
-
Мамлекеттик “Кыргыз жылуулук энерго” ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жатканда кармалды.
-
Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 10 айында 62 миллиард 646 миллион 100 миң сом салык жана төлөм чогултту.
- 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычында 14 миллиард 772 миллион 72 миң метр куб суу бар, бул 2019-жылдын ушул күнүнө караганда орточо 2,2 миллиард метр кубга аз.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0