
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбор калаасы Варшавада өткөн «Poland Open» аттуу эл аралык турнирге катышып, 62 килограмм салмак ченинде алтын медаль утту.
Тыныбекова алгачкы атаандашы орусиялык Ульяна Тукуренованы мөөнөтүнөн мурда 12:3 эсебинде жеңип, кийинки баскычта тунистик Марва Амри менен кез келди. Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып, беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашынын далысын жерге басып таза жеңишке жетти.
Финалда орусиялык балбан кызды 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.
Жумабай Акимов