
3-7-ноябрда Бишкекте волейбол боюнча машыктыруучулар үчүн семинар болуп өттү, аны Эл аралык волейбол федерациясы
(FIVB) өткөрдү.
Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы билдиргендей, 37 катышуучу Эл аралык олимпиада комитетинин сертификатын алышты. «Семинарга волейбол боюнча балдар жана өспүрүмдөр лигасы, ошондой эле энелер лигасы менен алектенген машыктыруучулар катышты»,- деп билдирди федерация.
Аталган семинар Эл аралык волейбол федерациясы, Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биргелешкен ишинин алкагында болуп өттү.
Жумабай Акимов