8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын тун небереси жарыкка келди. Сүйүнүчүн жашыра албаган ырчы кубанганынан уктабай таң атырганын айтат.
– Неберелүү болуу керемет сезим экен! Неберебизди көрүп элжиреп отурабыз. Тун неберелүү болгондуктан, уулум менен келиним ысым ыйгарууну бизге тапшырышты. Чоң атасы экөөбүз кеңешип неберебизге Алеандра деген ат койдук. Бул гүлдүн аталышы. Мен гүлгө жакынмын, гүлдүн түрлөрүн өстүргөнгө кызыгам, андан ырахат алам. Бир жолу өзгөчө гүлдөрдү карап жүрүп, жыты буркураган башкача гүлдү көрүп калдым. Аталышын сурасам Олеандр экен. Чоң атасы экөөбүз неберебиз гүлдөй тамырлаган, суктанууну жараткан, ошол гүлдүн сабактарындай бекем болсун деген ниетте ушул ысымга токтолдук.