
Кыргыз кинорежиссёрлорунун эмгектери "Москва премьерасы" эл аралык кино фестивалына катышат. Кыргыз кинематографисттер союзунун маалыматына ылайык, фестивалда режиссёр
Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы толук метраждуу тасмалар сынагында, ал эми
Тынчтык Абылкасымовдун "Чек арада" тасмасы кыска метраждуу тасмалар сынагында ат салышат.
Сынакка Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Литва, Орусия, Өзбекстан, Украина жана Кыргыз өлкөсү катышат.
"Москва премьерасы" фестивалы 2003-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл аталган иш-чара 12-17-ноябрь аралыгында Москвада өтөт.
Тасма жаңылыктарын улай, жакында эле Орусиянын Чебоксары шаарында өткөн XIII Эл аралык кинофестивалында Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы "Мыкты сценарий" номинациясын жеңип алды. Тасманын сценарийин Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Нияз жазган. Тасманын режиссёру, сценаристи Айбек Дайырбеков бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасына жазды. "Дарак ыры" тасмасы буга чейин бир катар эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү болгон.