
Франциянын «ПСЖ» клубунун чабуулчусу Неймар каталондук «Барселонадан» 2016-жылы келишимдин узартылышы үчүн бонус катары убадаланган 43 миллион 600 миң еврону талап кылып, кайрадан сотко кайрылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Бразилиялык чабуулчу буга чейин да «Барселона» клубунан төлөп берүүнү талап кылып сотко кайрылган. Анын доо арызы каралган соң талаптары четке кагылып, Неймар Барселонага 6 миллион 700 миң евро төлөөгө милдеттендирилген.
Неймардын жактоочулары соттун бул чечимине каршы даттанып, "Барселонадан" бонустарды төлөтүп берүү өтүнүчү менен кайрадан сотко кайрылышты.
Жумабай Акимов