
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Шабданбаев 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда көк бөрү боюнча улуттук курамдын IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыгы каралды.
Шабданбаев өз сөзүндө мамлекеттик агенттик көк бөрүнү өнүктүрүү үчүн колдон келген иш-аракетин жасап жаткандыгын айтып, карантиндик чектөөлөрдөн улам бир топ тыныгууга карабастан, спортчулар мыкты физикалык формага ээ экендигин, муну Президенттин кубогунун акыркы мелдештери көрсөткөндүгүн баса белгиледи.
Жумабай Акимов