
Кыргызстандык спортчу Кайыпназар Бектурсун Москвада өткөн аралаш мушташ боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетти. Беттеш 14-ноябрь күнү Москва шаарында M-1 Global уюмунун MMA Series-20 турниринин алкагында болуп өттү.
Кайыпназар Бектурсун 56,7 килограммга чейинки салмак ченинде орусиялык Артём Остряков менен беттешип, биринчи раундда эле аны техникалык нокаут менен утуп алган.
Белгилей кетсек, кыргызстандык мушкер карьерасында 9 жолу, ал эми "MMA Series" турнирлеринде 2 жолу жеңишке жеткен.
Жумабай Акимов