Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Актан Арым Кубат, режиссёр: «КОМПЛЕКСТЕРИМДИ ЖОЮШ ҮЧҮН КИНО ТАРТЫП КЕЛЕ ЖАТАМ»№937 19-25-ноябрь, 2020-ж.
– Мен сүрөтчүмүн. Кичине кезимде сүрөтчү да, киночу да болом деген ой жок эле. Режиссёр болуу үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сүрөт окуу жайында окуп жүрүп, сүрөтчү Гапар Айтиевдин устаканасына кароолчу болуп ишке орношуп калдым. Улуу инсан менен жакындашып, сүрөтчүлүктү жакшы үйрөнсөмбү деген ой эле. Бир жолу командировкага Ош шаарына барып калдым. Мейманканадан ал кезде орун алуу азап эле. Латип деген тааныш жигит мени өзүнө чакырып калды. Барсам кино тартып жатышыптыр, бирөөнүн туулган күнү экен. Андай ичимдик ичкен адамдарды өмүрүмдө көргөн эмесмин, «ушинтип да кино тартса болобу?» деп аябай таң калганым эсимде (күлүп). Гапар Айтиев өтө сылык киши болчу, ага менин тарткан сүрөттөрүм жакпай калдыбы, же башка себеп болдубу, «кет» дегендей кылды. Жумуш издеп жүрүп баягы киночулар эсиме түшүп, аларды издеп барсам, Кудай жалгап, киностудияга сүрөтчү катары алышты. Сүрөтчү, коюучу, иши кылып көп иштерди аткарып 10 жылдай иштедим. Эмнегедир ошол учурда киного ыйык мамиле жоголуп бараткандай, режиссёрлор кинону туура эмес тартып жаткандай сезиле берчү. Тартуу ыкмасын өзүм деле түшүнбөйм. Бирок мен сүрөтчүмүн да, кайсы бир кадрлар туура келбей жатканын, сценарий начар экенин ички туюм менен сезчүмүн. Эркин Рысбаев деген досум бар эле, экөөбүз сырдашып жүрүп кино тартмай болдук. Эң биринчи «Жолбун ит» деген документалдуу тасма тарттык. Мен иттерди азыркыга чейин жакшы көрөм, үйдө да иттерим бар. Менимче, тасма мурунку кыргыз кинолоруна караганда жаңычылдык алып келди. Режиссёр Мелис Убукеев көрүп «бул кино кыргыздар тууралуу экен» деди. Кийин француз продюсерим «бул еврейлер тууралуу тартылган тура» деди. Мен улут эмес, иттер аркылуу адамдардын жашоосун бергим келген. 90-жылдар келип, заман олку-солку эле. Ит күчүктөрүн жоготуп алып, аны ит базардан, цирктен, башка жерлерден издегени тууралуу баяндалат. «Иттер менен кантип иштедиңер эле?» деп элдин баары таң калып жүрүштү. Башкы ролдо тайган ит болчу. Режиссёр болуп калганыма Төлөмүш Океев салым кошту. «Жолбун иттен» кийин мага ошол адам чоң ишеним берди. Өзүнүн студиясынан тартыла турган биринчи тасманы мага тарттырган. «Үйүң кайда, үлүл?» деген тасманы ошондо тарттым. Анан режиссёр катары атым чыгып, сунуштар түшө баштады. – Мен кинону бизнес катары караган жокмун. Бул чыгармачылык. Каражат жактан кыйналсам да өзүмдүн жазган сценарийимди ишке ашыруу үчүн көп жыл эмгектендим. «Маймыл» менен «Свет акенин» ортосу 10 жыл. Бул убакта толтура тасма тартып жибермекмин, бирок бышырганды жакшы көрөм. Союз кулагандан кийин кино жаатында иштеп, бала-чаканы багуу, тиричилик кылуу мүмкүн эмес эле. Темир Бирназаров менен Эрнест Абдыжапаров таксист болуп иштешчү. Мен болсо айылда мал бакчумун. Элестет, режиссёр анан малчы (күлүп). Мурункулар жалаң май талкандын үстүндө жүрсө, накта кыйналган кыргыз режиссёрлору биз болдук. Ошондо да жеңил-желпи нерселерге өтүп кеткен жокпуз. Кино тартуу биздин убакта өтө татаал эле, акча, идея бар болсо да технология азыркыдай эмес. Эки күн даярданып туруп, анан актёрлорду камера алдына алып келчүбүз. Плёнка рубль эмес, доллар менен сатылып алынчу, ага үнөмдөп тартчубуз. Бирок киноң чыккандан кийинки ырахат башкача эле. Кичинемде ойноп жаткан тобум тактанын алдына кирип кетип, аны алып чыгам деп моюнумду оорутуп алганым бар. Кызыгы, элесимде ошол окуянын бардыгы ак-кара түстө, болгону тобум кызыл болчу. Балалыкта апамдын мага берген акчасынын өңү, төшөктүн курагы, кыскасы, мага катуу таасир берген нерселерди түстүү элестетем. Бул нерсени мен кинолорумда колдонгом. «Бешкемпирде» тумардын өңүн, кайсы бир учурларды түстүү бергеним ошол себептен. Балалыктагы ак-кара же түстүү элестер ушуга чейин өзгөрүлбөй элестейт. «Бешкемпирди» тартканыма 22 жыл болуптур. Бир күлкүлүү окуя болду. Өткөндө электриктер үйгө келип «бул «Бешкемпирди» тарткан режиссёрдун үйүбү?» деп байбичемден сураптыр. «Ооба» десе, «ал киши тирүүбү?» дептир. «Ой, тирүү, тигине алма терип жүрөт» десе, чочуп кетиптир. Көрсө, ал бала 8 жашында «Бешкемпирди» көрүптүр, анан мени эбак өлүп калса керек деп ойлосо керек. – Эң биринчи «Жолбун ит» тасмам Бакуда өткөн кинофестивалдан баш байгени утуп алган. Киночулардын бири тамашалап «Кыргыз киносунун баарын чогултканда да Актандын сыйлыктарына жетпей калат» деп жүрөт. Сыйлыктарды чынында көп алдым. Ар бири кубандырат, шык берет. Бир жолкусун айтып берейин. Алтынай Койчуманова биздин продюсерибиз эле, иштешип жатканыбызга 2-3 жыл болуп калган. Ал экөөбүз фестивалга бармай болдук. Эми кетебиз деп жатсак уулум Мирлан келип калды (ред.: режиссёр Мирлан Абдыкалыков). «Ата, үйлөнгөнү жатам» дейт. «Кимге?» десем «Алтынайга» деди. Аябай сүйүнүп кеттик. Анткени байбичем экөөбүз тең аны жакшы көрчү элек. «Болгону бул тууралуу Алтынайга эч нерсе деп айтпаңыз» деди уулум. Байбичем болсо «сен эмне жаш бала белең, баары чечилип калыптыр, сүйлөш» деп тапшырма берген (күлүп). Ошентип Алтынай менен кетип баратам. Чын эле сүйлөшө албай калдым. Сүрдөппү, уялыппы, билбейм. Дудуктай болуп кетип баратабыз. Учак менен барып, Цюрихтен Локарного чейин поезд менен кетип баратабыз. Бир купеде жылгыз болуп калдык. «Алтынай, Швейцария бейтарап мамлекет, бардык маанилүү иштер ушул жактан сүйлөшүлөт» десем күлүп жиберди. Ошентип сөз баштап сүйлөшүп барганбыз. Барып сыйлыкты алдык. Астында «Сиз бар үчүн!» деп жазылыптыр. Бир кино үчүн эмес, жалпы кинолорум үчүн сыйлык экен. Негедир ошол сыйлык мага баалуу болду. Алтынай келин болуп келди, учурда биздин продюсерибиз. Продюсер демекчи, менин жашоомдо эң чоң роль ойногон француз продюсерим Чедомир Колар болду. Менин колдоочум бар сыяктуу. Куду бирөө мени жетелеп ийгиликке алып баргандай болот. Мурун айткандан коркчу элем, азыр айтып калдым. Эми карасаң, кино жаатында таптакыр билими жок, айылда өскөн бирөөнү эле француз продюсери Парижден Кыргыз жерине издеп келген окуянын өзү башкача эмеспи. Ал мени 1994-жылы издеп келди. Үч жыл кат жазышып жүрдүм. Жөн эле сүйүктүүмө кат жазгандай жазчу элем (күлүп). Анткени чын дилимден кино тарткым келчү, анын колдоосуна муктаж элем. Тил билбесем, маркетинг, бизнес дегенден такыр түшүнүк жок, жөнөкөй эле айылдык адам болчумун. Ал мага агент, менеджер, продюсер, бир тууганым болуп берди. Бул киши кинону ушунчалык жакшы көрүп, кинонун ичинде мени жакшы көрдү. Мен бирок эч качан кошомат кылган жокмун, чыгармамды ага тууралап тарткан жокмун. Болгону ага жакшы тасмаларды тартып бердим. Азыр бул иштерди Алтынай кылат. Мирлан экөөбүз даяр болгондо барып эле сыйлыкты алып келе беребиз. – «Селкинчек», «Бешкемпир», «Маймыл» өзүм тууралуу үчилтик. Өзүм бакма баламын, бакмалардын трагедиясын «Бешкемпирде» бердим. Өзүмдүн ырайымды жакшы эмес деп ойлочумун, жеткинчектин ошол корунуусун «Маймылда» бердим. «Селкинчек» да менин бала чагым. Өмүр бою өзүм менен өзүм алек болуп келе жатам. Үчилтиктен кийин Актандын окуясын жабам деп ойлочумун. Бирок болбой эле «Свет аке», «Кентавр», дагы эмки жылы тартыла турган «Эсимде» өзүм тууралуу дагы үчилтик болгону турат. Бардык тасмаларда өзүмдүн дүйнө таанымым, айланага болгон көз карашым, Актан жашайт. Бул үчүн да тил угуп келдим. «Актан айылды, чаңды эле тарта берет, шаарды тартса болбойбу?» дешет кээ бирөөлөр. Мен айылдыкмын, көкүрөгүмө сиңип калган нерсени тартам. Мисалы, Свет аке элге жарык алып келейин деп эле өзүн ойлобогон апенди чалыш адам. Мен андай деле жаркыраган таптаза киши эмесмин го, бирок болгум келет. – Өмүрү актёр болом деп ойлогон эмесмин. Кебетемди көргөндөр деле «ушул кантип актёр болсун?» дешсе керек (күлүп). Свет акени тартарда мен көп актёр издедим. Казакстанга чейин бардым. Ал жактан бир казак сүрөтчү жакты эле, бирок башталарда «тартылбайм» деп баш тартып койду. Операторум Хасан Кыдыралиев, дагы бир-экөө «өзүң эле ойноп салбайсыңбы?» деп калышты. Башында көз айнек тагып, электриктин баш кийимин кийгизип аябай күлүшкөн. Мен өзүмдү актёр элестете алчу эмесмин, бирок Хасан «сендеги гениалдуу актёр өлүп баратат» дечү. Тасмаларымда көп учурда кадимки эле адамдарды тандачу элем. Анткени кесипкөй актёрлор ойнойт, жөнөкөй адам ошол тасмада жашайт. Мен үчүн актёр тасмамда жашаганы маанилүү. Актёр эместердин басканы, турганы, сүйлөгөнү эле сен чыгара албай жаткан образ. Карап туруп ынанасың. Хасан аларга үйрөтүп жатканда актёрлугумду байкап калса керек. Эч кимди таппай калып, аргасыздыктан актёр болдум. Азыр Свет акенин образына менден башкасын эч ким элестете алышпайт. Тартылгандан баштап эле ыйлагым келет десең. Уялып жатам, бирок токтото албайм. Бир эпизод бар. Свет акеге милиция кызматкерлер «сен эмне, светти өчүргөндөй Кудай белең?» дешет. Свет аке «мен Кудай менен кесиптешмин, ал да жарык берет, мен да жарык берем» деген жери бар. Ошону айтып жатып ыйлап жиберсем болобу (күлүп)?! Актёр ынандырыш керек, же жашаш керек экен. Мен муну түшүндүм. Азыр чачымды өстүрүп жаңы ролума даярданып жүрөм. Муну мамлекеттин акчасына тартканы жатабыз. Пандемия болуп кармалып калды. Өкүрүп-бакырып «көзгө басар жалгыз режиссёруңарга эмнеге акча бербейсиңер?» деп күпүлдөп деле барсам болмок, бирок абалды көрүп туруп оозум барбады. Эми, буюрса, жазында баштайбыз деп турабыз. – Мирланды алгач «Селкинчекке» тарттым. Аны деле тартуу учурунда бирөө «Мирланды эле тарталы» деп калды. Менде «ушул балам экен же укмуш таланты бар экен» деген деле ой болбоптур. Ал кезде тыйын жок. Бирөөнүн баласын алып барсам, анын ата-энесин кошо тартуучу аянтка алып барыш керек болуп калды. Айтор, көп маселе чыкчудай, ошондон улам Мирланды тарта турган болдук. Мирланда актёрлук талант бар экенин кинону тарта баштаганда байкадым. Бала да, «ыйла» десек ыйлайт, «чурка» десек чуркайт. Кинобузда чоң энесинин жоолугун алып аны парашют кылып сарайдан секире турган жери бар эле. Бир-эки жерден жапызыраак секиртип тартып көрдүк, бирок мага жакпады. Чатырдын үстүнөн секир дедим. Эрнест Абдыжапаров жардамчы режиссёр эле, ал байкуш «буту бир нерсе болсочу?» деп кооптонду. Мен болбойм. Чатырдан секирди. Бутун кармап эле ыйлап жатат, мен образ экен деп ойлоптурмун. «Дагы бир дубль» десем чолчоңдоп ыйлап алып, аткарып жүрөт. Көрсө, буту чыгып кетиптир. Мен аны билбейм. Байкабаптырмын, Эрнест байкап калып жонуна мингизип алып сыныкчыга барып таңдырып келди. Тез эле жакшы болуп кетти. Кийинки тасмаларымды Мирлан аткара турганы дайын болуп калды. Өзүм тууралуу болгондон кийин өзүмдүн уулумдан башка ким окшоштурмак? – Тасмаларым аркылуу адам биринчи өзүн табыш керек дегенди айткым келет. Комплекстеримди жоюш үчүн кино тартып келе жатам. Адамдын ичинде эмне комплекс болсо, ошону жеңүү керек деп ойлойм. Мени кичинемде «маймыл» дешчү эле. Өзүмдү билгенден тартып мен бирөөгө жаккым келчү. Сулуу эмесмин деп ойлочумун, эми деле сулуу эмесмин дечи (күлүп). Сенин тажрыйбаңда деле «сулуу эмесмин» деп элге жарыя кылган адам жок болуш керек. Бир жолу Лос-Анжелесте өткөн кинофестивалга катышып, «Эң мыкты эркектин ролу» сыйлыгын алдым. Трибунага чыгып «өмүр бою сулуу болгум келчү. Силер мени кыргыздын секс символу кылып койдуңар, рахмат!» дедим. Зал дуу күлдү. Мен өтө эле ачылып кеттим окшойт, анын да максаты бар. Мен тууралуу окуган, көргөндөр өздөрүн издешсин деп айттым. Мен деле акылдуу сөздөрдү терип, философияны айтып отуруп алсам болмок. Тасмаларымда да жашоо кандай болсо ошондой жөнөкөй, түшүнүктүү кылып баяндап бергим келет.
Актанга ар ким ар кандай мамиле жасашы мүмкүн, анын киносу бирөөгө жагып, экинчисине жакпашы ыктымал. Бир чындык бар, бүгүнкү күндө дүйнөлүк деңгээлде Актандай кыргыз элине аброй алып келген режиссёр жок. Кыргыз киносунун тарыхында ал алган сыйлыктарды эч ким ала элек. «Азиянын 100 мыкты режиссёру» деген наамга бизден Төлөмүш Океев менен Актан Арым Кубат кирген. Кыргызды дүйнө жүзүнө тааныткандардын бири – Актан. Анын батасын алып, чыгармачылык тушоосун кестиргендердин сап башында менмин. Ал дайым өзү тууралуу тартат. «Мен жагамбы же жакпаймынбы?» эмес, «менин ичимде эмне бар?» деген маселени чагылдырат. Ички дүйнөсүн тасмада кантип, кайсы стиль, кандай ыкма менен айтып берип жатканы таң каларлык нерсе. Актандын ар бир кадры чындык болуусун талап кылат. Баласы Мирланды «Селкинчекке» тартып жатканбыз. Чатырдан секире турган жери бар эле. Жапыз жерден секирип жатса улам жакпай өйдөлөтө берди. Секирип жатып буту чыгып кетиптир. Актан аны тартып коюп, башка жакка тартууну улантып кетип калды. Мен экинчи режиссёр катары актёрлорго жооп берем да. Сыныкчыны таап, Мирландын бутун кайра салганыбыз эсимде. Азыркыга чейин Мирлан ошол окуяны эстеп калат.
– Атам (ред.: кайнатасы режиссёр Актан Арым Кубат) менен 2004-жылы таанышкам. Кесибим боюнча экономистмин. Атам «Ой-Арт» студиясын ачып, мени жумушка алышкан. «Кыргыз кино тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мүмкүнбү?» деген ой менен жумушка орношком. Кино тармагы өзү кызыктуу болгондуктан, бул тармакта иш жасоого аябай кызыгып калгам. Ошондон баштап кино тармагында эмгектенип келе жатам. Мен жумушка орношкончо "Бешкемпир" жана "Маймыл" тасмаларын көргөм. Мага аябай жаккан эле. Атам мыкты режиссёр, азыркынын генийи. Мени андагы даанышмандык, тереңдик, гениалдуулук, креативдүүлүк таң калтырып келет. Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|
чачы кантет