БИР БҮРКҮМ. ЭЛДИН АКЧАЛАЙ КИРЕШЕСИ АЗАЙДЫ...
№937 19-25-ноябрь, 2020-ж.

- 17-ноябрга дайындалган Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо болбой калды, себеп – жалгыз талапкер Эрнисбек Ормоков шайлоого катышуудан баш тартты.
- Сталбек Шаршеев Жарандык авиация агенттигинин директору болуп дайындалды
- Казакстан COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө жардам катары Кыргыз өлкөсүнө өпкөнү жасалма дем алдыруучу 400 аппарат, 2 миллион бет кап берет.
- Бишкектин “Тез жардам” кызматына 6 жаңы унаа тапшырылды.
- 2 айдын ичинде Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдоо керектигин өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Новиков билдирди.
- Ошто 17-ноябрда ири көлөмдө баңгизат сатып жаткан жеринен 36 жаштагы жаран кармалды.
- 17-ноябрга карата ооруканаларда коронавирус жуктуруп алган 3138 адам дарыланууда, алардын 122синин абалы өтө оор экени айтылды.
- Пакистан Кыргыз өлкөсүндөгү 4 медициналык окуу жайды “кара тизмеден” чыгарганын Билим берүү жана илим министрлиги тастыктады.
- Январь-октябрь айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 7,4 пайызга төмөндөгөнү айтылды.
- Бишкекте 1 аптада 64 мас айдоочу кармалганын Бишкек шаардык милициясы кабарлады.
- Өлкөдө Конституциялык палатанын судьяларынын санын 11ден 9га кыскартуу сунушталууда.
- Улуттук статистика комитети: “2020-жылдын алгачкы 6 айында калктын акчалай кирешеси дээрлик 8 пайызга азайды”.
- Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасынан 8 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө шектелип Тажикстандын жараны кармалганы кабарланды.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0