
24-ноябрда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында эркектер жана аялдар арасында Кыргыз өлкөсүнүн бокс боюнча чемпиондугу башталды.
Эл аралык бокс ассоциациясынын эрежелерине ылайык, беттештер эркектер арасында 10 салмак категориясында, ал эми аялдар арасында 5 салмак категориясында өтөт. Мелдештин программасында 24-27-ноябрь күндөрү алдын ала беттешүүлөр болуп, чейрек финал, жарым финалдар болору көрсөтүлгөн. Финалдык беттештер 28-ноябрь күнү орун алмакчы.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу турнир көрүүчүлөрсүз өтөт.
Жумабай Акимов