БИР БҮРКҮМ. АК ҮЙДҮН ИМАРАТЫ ОҢДОЛУП БҮТТҮ...
№938 26-ноябрь-2-декабрь,2020-ж.
-

Бишкектин Октябрь районунун акими 23-ноябрда
коррупцияга шектелип кармалды.
-
Өлкөдө 2016-жылдын сентябрынан бери 33 617 даана мамлекеттик автоунаа номери сатылганы айтылды.
-
Экологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелерин так сактабаган деп “Бишкекасфальтсервис” ишканасына 451 миң сом айып салынды.
-
Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат.
-
Ысык-Көл облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев 23-ноябрда жол кырсыгына кабылып, ооруканага жеткирилди.
-
Бишкектен 20-ноябрда “Чач” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Э.М. кармалды.
-
Мелис Тургунбаев “Кыргызнефтегаз” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды.
-
Ички иштер министринин мурдагы орун басары, генерал Курсан Асановдун жубайы Динара Усенканова Финполго суракка чакырылды.
-
5-6-октябрдагы окуяларда талкаланган Ак үйдүн имараты оңдолуп, колдонууга берилди.
-
Жогорку Кеңеш эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлигин жактырды.
-
25-ноябрга карата президенттик шайлоого катышууну көздөгөн 47 талапкер бар, тизме улам кыскарууда.
-
Бишкекте “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери кайрадан митингге чыгышты, алар ишкананын азыркы жетекчиси кызматта мыйзамсыз отурат деп нааразы.
-
БШК 10-январда өтүүчү президенттик шайлоого 137 миллион 290 миң сом жумшаларын билдирди.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0