
24-ноябрда 78 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу
Шабданбек Кулуев оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Акындын «Куланчы мерген», «Кылымдар жаңырыгы», «Сезим кайрыктары» жана башка ыр жыйнактары, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Эл-жер баяны», «Өмүр издери» публицистикалык жыйнактары жарык көрүп, окурмандарын тапкан.
“Супер-Инфо” гезитинин эмгек жамааты акындын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.