Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Аскат Сулайманов, актёр: «КИНОГО ТАРТЫЛАМ ДЕП КАЗАКТАРДЫН АЙЛАСЫН КЕТИРГЕМ»№939 3-9-декабрь, 2020-ж.
– Режиссёр Бакыт Осмонканов буга чейин «План Б» деген комедиялык тасма тарткан. Анда мен куданын ролун ойногом, эпизоддук роль болчу. «Бакыт, менин ролум кичинекей экен. Эмкиси эсте калгыдай болсун» деп тамашалагам. Ошондо ал «сизди бир башкы ролго тартам, азыр сценарийин жазып жатам» деген эле. Ошол тасмага оюмду айтып жардам бергеним, жумушума кылган мамилем жагып калса керек. Ошентип «Такебайдын» биринчи жана экинчи бөлүмүндө башкы ролду ойноп калдым. Кинонун атын укканда кызыктай болгом. Бирок сценарийин окусам кадимки эле кыргыз жигитинин ролу экен. Айылдан келген, шаарда жашаган, акчасы аз, аялын, балдарын жакшы көргөн жигиттин образы. Экинчиси биринчисинен кем калбаган жакшы тасма болду. Кинотеатрга барып көрүп койсоңор сонун маанай тартуулайт.
– Көпчүлүккө «Айыл өкмөтү» тасмасынан кийин таанымал болдуңуз окшойт? – Мен 1996-жылы биринчи жолу Казакстанда эки тасмага тартылгам. Негизи киного тушоомду Болот Макетаев агайыбыз кескен. 9-классымда «Өзөктөн чыккан өрт» деген кыска метраждуу телепостановкага тартылгам. 6-классымдан баштап актёрлук боюнча сабак алып жүргөм. Ошондон улам тандалсам керек. Атымды чыгарган тасма «Айыл өкмөтү» болду. Ошол ролум менен сиңип калдым. Мурун «участковый милиция» атым калчу эмес. Эми «Такебай» деп атап калышты. Башында Шуриктей болуп бир роль менен элдин эсинде калып, башка ролдорумду кабыл албай коюшабы деп корккон элем. – Ооба, тартылдым. Сценарийди окуюн десем англис жана хинди тилдеринде экен. Тартып жаткан кыргыз балдар түшүндүрүп беришти. Индустар биздин жерибиздин кооздугуна кызыгып тартып жатышыптыр. «Кыргыздарды жакшы эле мааниде береби? Эмне болгон роль?» деп көп суроо бердим. Акчасына карап эле ойной берген болбойт да. Чет жактагылардан сунуш түшкөндө эң биринчи «мамлекетибиздин бедели түшүп калбайбы?» деп ойлоном. Казактардын да, орустардын да кыргызды улут катары басынта турган тасмасына сунуш түшсө, дароо баш тартам. Казактар бир тасмага чакырышты. Кызыл чеке болуп уруштум. Анткени тарыхты бурмалап салышыптыр. «Кетем» дедим. Акчасына карап тартыла берсем эртең кыргыздар «Аскат, мээң иштейби?» дешет да. Камчы Сарыбаев экөөбүз барганбыз. Ал казакча түшүнбөйт экен, мен Казакстанда окуп келгеним үчүн казакча жакшы билем. Бул 19-кылымдын башында болгон окуя болчу. «Казактардын ханы Кененсарынын башын кыргыздар алган» деп сценарий жазып алышыптыр. Түптүз эле кыргыздарды күнөөлөп жатышат. «Эй, тарыхыңарды билесиңерби?» дедим. Билишпейт, тартып жаткандар жаш балдар экен. Көрсө, сценарийин кытайлык казак жазыптыр. «Силердин ханыңарды биз келип өлтүргөн эмеспиз. Өзү чаап алам деп жортуулга барган. Ошол жактан өлүм тапкан» дедим. Үч саат бою тарыхты айтып, фактылар менен тастыктап бердим. Кете турган болгондо эки эсе төлөп беребиз деп башташты. «Жок» десем болушпайт. Акыры сценарийди оңдомой болушту. Тасмада кыргыз кечирим сурап барган жери бар экен, «эч кандай кечирим сурабайм» дедим. Казак хан тактыда отурганда кыргызды чөгөлөтүп отургузуп коюшат экен. «Тең ата отурабыз, казак хан тактыда, ал эми кыргыз чөгөлөп отурганы болбойт» дедим. Айтор, айласын кетирдим (күлүп). Баштарын чайкашты, «жалгыз кыргыз келип ушунча казактын жанын сууруп жатат. Кыргызстанга барып тартып калсак жемексиң го бизди» дешти.
Индустардын киносуна да майда-чүйдөсүнө чейин сурап тартылдым. «Netflix» компаниясы тартты. Анда индус аскер кызматкеринин ролун ойнодум. Эки саат гриммдешти, сакал чапташты.Чет өлкөлүктөр бизге окшоп тарс-тарс тартпай, чоюла беришет экен. Тажап кеттим (күлүп). – 21 жашымда окууну бүтүп келип театрга жумушка киргем. Ошол учурда «Кыргыз драм театрынын жаштары» деген ат менен чыкчубуз. Ошто «Краски востока» деген өзбек жигиттерден турган топ бар болчу. Биз да элге дем берели деген максатта ушул атты тандап алганбыз. «Демдин» уюшулганына быйыл 18 жыл болду. Ал кезде баарыбыз курсак жок, керилген жигит элек (күлүп). «Дем» тез оозго алынып кетти, себеби курамда баары таланттуу балдар болчу. Эки номер менен эле эки жерге барып таанымал болуп кеттик. 5-6 жыл чакыруудан колубуз бошогон жок. Топ укмуш популярдуу болуп тойлордон, театрдан, концерттерден кол бошогон жок. Азыр деле топтун аты өчүп калган жок. Бирок андагы жаш балдар азыр кайната болуп калбадыкпы. Ал кезде балдар кичинекей болгондуктан үйдө тамагын берип отургузуп койчубуз. Балдар чоңойгондо түйшүк да чоңоёт экен. Биз театрда жатып иштечү элек, эми бул жашта анте албайбыз да. Мурункудай жалындап, өрттөнүп турган учур эмес. Мурун кыштын чилдесинде чолок шым, майка менен театрды аралап кетчүбүз (күлүп). Азыр үшүп «бол, репетиция кыла коюп тарайлы» деп жаныбызды аяп калдык.
Учурда театрда жаш балдар бар, улантып кеткиле деп жатабыз, бирок алар биздей эмес. Ролго, популярдуулукка ачка эмес. Актёр ток болгондо чыгармачылыгы аксап калат. Биздин учурда тойлор аз болчу, андан алган акчабызды он балага бөлгөндө 100 сомдон тийчү. Азыркыларга «кел, мобу номерге даярдана коёлу» десең тойго чуркап кетишет. Ошол тойдон тапкан акчаны мамлекет төлөп бергенде алардан да, балким, сонун нерсе чыкмак беле? Көп адам менен номер койгон азап да. Бир номерди миң жолу кайталап, майын чыгарып туруп эл назарына койчубуз. Ага азыркылардын нерви чыдабайт. Коштошуу концертин берип «Дем» театрын жапсакпы деп да ойлонобуз. Эмне кылабыз анан? Кайната болгон кезге жетип алып сахнага «хи-хи-хи» деп ыргып чыга калсак да болбойт тура. – Балдарымдын алды 22 жашта, биринин артынан бири чоңоюп келе жатат. Бир жолу балам бут кийим алам деди. «Макул, үйдөн акча ала бер» десем, 8000 сомго бут кийим алыптыр. Жиним келди, «менин сенден башка да беш балам бар, өзүң тапканда каалагандай ал. Азыр менин карамагымда турганда тартибиме баш ийишиң керек. Арыдан бери болбойсуңбу?» десем таарынгансып калды. Тойго барабыз дегенде эле эңшериле түшөм. Ар бирине бир нерсе алыш керек. Азыр бир барган жерге мурун кийген көйнөктү кийбейт деген да мода чыгыптыр. Мен байкуш 10 жылдан берки кийимимди кийип кете берем.
– Рахмат маегиңизге, ийгилик болсун. Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(7)
saparu
![]()
07.12.2020. 09:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул кишини сыйлайм эн жакшы актерлордун бири бардык кинолорунда берилип жакшы аткарат анан да болгонун болгондой айтат экен
muku.85
![]()
07.12.2020. 10:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эч кандай жасалмалуулук жок казанда бары чомучко чыгат дегендей ичи таза адам Азаматсыз Аскат байке
Zhumakunova_sh
![]()
07.12.2020. 18:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
карапайым жонокой адам экен. Чыгармачылыгын да сыйлайм бар болунуз
Nursul
![]()
08.12.2020. 15:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тарыхын билбеген Казактарга жетти болду бекен
Nur777
![]()
08.12.2020. 21:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Какендердин акесин окутуп,индустарды эзип кыргыздын бедели тушпосун деп ойлогонунуз жакты,биздин жигиттер намыстуу,эр журок жана таланттуу!Бар болунуз!
Aiturgan9795
![]()
09.12.2020. 20:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таланттуу киши!! Көп жашасын
akmanai
![]()
10.12.2020. 07:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ден соолукта болуп, коп кинолордун коркун ачып журо бериниз! Сиз тартылган кинолорду чон кызыгуу, суйуу менен коробуз. Намыскойлугунузду бааладым!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|