
25-ноябрда Азия футбол конфедерациясынын
(АФК) 2019-2023-жылкы чакырылышындагы Аткаруучу комитетинин алтынчы жыйыны онлайн режимде өттү. Аталган жыйынга Кыргыз футболдук союзунун
(КФС) президенти Канатбек
Маматов катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Азия футбол конфедерациясынын Аткаруучу комитети АФКнын өнүктүрүү программасы жана COVID-19 пандемиясы убагындагы коммерциялык макулдашуулар боюнча жаңы маалыматтарды алды. АФК президенти Шейх Салман АФК 2021-2022-жылдары өтө турган Дүйнө чемпиондугунун, 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарын жана бардык мелдештерди өткөрүү жумуштарын улантарын белгиледи.
Жумабай Акимов