
“Барселона” клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси испаниялык “Осасунанын” дарбазасына киргизген голун Диего Марадонага арнады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Месси беттештин 73-мүнөтүндө гол киргизип, урмат көрсөткөн. Каталондуктардын капитаны бир мезгилдерде Марадона кийип ойногон “Ньюэллс Олд Бойз” клубунун 10-номердеги футболкасын кийип алганын көрсөттү.
Легендарлуу футболчу Диего Марадона 25-ноябрда 60 жаш курагында көз жумган. Футболчу 1993-жылы аргентиналык “Ньюэллс Олд Бойз” клубунун намысын коргогон.
Жумабай Акимов