БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗ СТУДЕНТИ БУУДА СҮЙЛӨЙТ...
№939 3-9-декабрь, 2020-ж.
-

Кыргыз-Казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү пункту 30-ноябрдан 2021-жылдын
1-мартына чейин жабылды.
-
Буга чейин премьер-министрдин маалымат катчысы болуп иштеген Дастан Дүйшөкеев Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
-
Кыргыз студенти Теңирбек Каныбек уулу Бириккен Улуттар Уюмунун быйыл март айында өтүүчү жаштар сессиясына катышып, сөз сүйлөйт.
-
1-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 748 миллион метр куб суу бар.
-
Өлкөдө Жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайлары ачылып, кадимки режимде иштөөгө өтөрү айтылды.
-
Жогорку Сот кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Биринчи Май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевге чыгарган өкүмүн жокко чыгарып, аны райондук сотко кайра кароого жөнөттү.
-
Улуттук банк ноябрда доллардын сомго карата курсун туруктуу кармап туруу үчүн 84 миллион долларды сатыкка чыгарды.
-
1-ноябрга карата өлкөдө мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын жалпы саны 542 600 адамды түздү.
-
Кара-Балта шаарынын мэри болуп Данияр Шакирбаев шайланды.
-
Кувейт өлкөсү Кыргыз жерине элчилигин ачууга кызыкдар экени айтылды.
-
Бишкекте 20-26-ноябрь аралыгында 7147 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын Патрулдук милиция билдирди.
- УКМК: “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадыр Досоновго издөө жарыяланды”.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0