
6-декабрда бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын мурунку башкы машыктыруучусу Адылкан Бекболотов 58 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Машыктыруучунун туугандарынын айтымында, буга чейин ал эки ирет операция жасалып ооруканада болчу.
Бекболотовдун сөөгү 8-декабрда өзү туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Күрмөнтү айылында жерге берилди.
Адылкан Бекболотовдун кыргыз боксуна кошкон салымы чоң. Ал СССРдин спорт чебери, бокс боюнча бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болгон.
Белгилей кетсек, Адылкан Бекболотов бокс боюнча Улуттук курамды 2009-2017-жылдары жетектеген.
Жумабай Акимов