
«Дордой» командасы хоккей боюнча Кыргызстандын чемпиону болду. Кыргыз Республикасынын Хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдиргендей, финалдык раунддун беттештери 26-29-ноябрь күндөрү Бишкекте шаардык муз тебүү аянтчасында өткөн.
Эки турдун жыйынтыгында Нарын шаарынын «Дордой» командасы Өлкө чемпиону аталды. Экинчи орунду борбор калаанын «Кыргыз темир жолу» командасы алса, үчүнчү орунду «Нарын шумкарлары» ээледи.
«Сезон ушул жылдын март айында аякташы керек болчу, бирок дүйнөлүк пандемияга байланыштуу бир аз тыным болду»,- деди Болотбеков.
Жумабай Акимов