БИР БҮРКҮМ. ИНСПЕКТОР ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ...
№940 10-16-декабрь, 2020-ж.
Улуттук банк долларга карата сомдун курсун турукташтыруу үчүн 8-декабрда 10 миллион 300 миң долларды сатыкка чыгарды.
- БШК президенттик шайлоого карата Москвада жана Тюменде кошумча шайлоо тилкелерин ачышы мүмкүн.
- Уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Өзбек инвестициялык фонду түзүлөрү расмий маалымдалды.
- 8-декабрда Новосибирсктен “Ысык-Көл” аэропортуна 169 жүргүнчү менен алгачкы чартердик каттам учуп келди, каттам апта сайын шейшемби күндөрү аткарылат.
- Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында миграция жана чет өлкөдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңеш түзүлдү.
- Жогорку Сот Мамлекеттик тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды.
- Ошто мамлекетке 13 миллион сом зыян келтирүүгө шектелип Эсеп палатасынын инспектору кармалды.
- COVID-19 эпидемиясы боюнча штаб: “Өлкөдө бала бакчалардын иши азырынча жанданбайт”.
- Төрөхан Жунусбеков “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды.
- Данир Иманалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп дайындалды.
- 8-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 438 миллион метр куб суу бар.
- Баткендин Исфана шаарындагы аэропортко Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды.
- Пакистан Кыргыз өлкөсүнө баасы 18 миң долларды түзгөн гуманитардык жардам жөнөттү.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0