БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ 670 МИҢ ПЕНСИОНЕР БАР...
№941 17-23-декабрь, 2020-ж.
-

Мөөнөтүнөн мурда өтүүчү президенттик шайлоодо коомдук тартипти
11 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт.
-
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын мурдагы жетекчиси Бакир Таиров кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
-
Бишкекте милиция кызматкерлери ичинде 3500 доллар акчасы бар капчык таап алып, аны ээсине кайтарып беришти.
-
Айыл чарба министрлиги: “Өлкөдө Сүт палатасы түзүлөт”.
-
Чүйдө 15 жаштагы өспүрүм бала кокустан өзүн атып алып, ооруканада каза болду.
-
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
-
14-декабрда Жалал-Абад облусунун түзүлгөндүгүнө 30 жыл толду.
-
Өлкөдө акыркы 10 жылда пенсионерлердин саны 140 миңге өсүп, учурда 670 миңди түзүүдө.
-
16-декабрга карата Аксыдагы 65 орто мектептин 32си кадимки режимде иштеп жатканын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу билдирди.
-
Президенттик шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө 78 эл аралык байкоочу көз саларын БШК маалымдады.
-
16-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 44 миллион метр куб суу бар.
-
Бишкекте 15-декабрда Ак-Жар конушунун жашоочулары электр жарыгынын күн сайын өчүрүлүп жатканынан улам митингге чыгып, жол тосууга чейин барышты.
- Тайырбек Сарпашев: “Туугандарым 1000 чарчы метр болгон имаратты мамлекетке өткөрүп берет”.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0