
13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC 256" турнири өттү. Турнирге кыргызстандык мушкер, "Атаман" каймана аты менен таанымал
Рафаэль Физиев бразилиялык мушкер
Ренато Мойкано менен кез келди.
Беттеш кызуу жүрүп, кыргыз мушкери атаандашын биринчи эле раундда нокаут менен утуп алды. Физиевдин бул соккусу “UFC 256” турниринин көркүн ачканы үчүн ага бонус иретинде 50 миң доллар төлөндү. Мындан тышкары ал мелдешке катышкандыгы үчүн 94 миң доллар алды.
Бул Физиевдин UFC уюмундагы төрт беттешиндеги удаасы менен үчүнчү жеңиши болду. Бир жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Жумабай Акимов