УЙЛАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
№941 17-23-декабрь, 2020-ж.
Кепшеп жаткан уй бир мүнөттүн ичинде жүзгө жакын чайноо кыймылын жасай алат.
- Орто эсеп менен саан уй өмүр бою эки жүз миң стаканга жакын сүт берет.
- Жер жүзүндө эң көп сүт эмүүчүлөр адам, андан кийинки орунда уй турат.
- Уйлар орто эсеп менен жыйырма жыл жашайт, бирок жүз жылга чейин жашагандары да бар. Букалар аз, 15 жыл жашашат.
- Жерде жашаган бардык уйлардын жалпы салмагы бардык адамдардын салмагынан үч эсе көп.
- Эл арасында жүгүртүүдөгү акча пайда боло электе, уй акча катары бааланып, жалпы эле башка материалдык баалуулуктардын өлчөгүчү катары саналган.
- Бул жаныбарлардын визуалдык эс тутуму жакшы. Алар адамдардын жүзүн эстеп, тааный алышат.
- Жаратылышта эгер адамдар саап алышпаса, уйлар музоолорун үч жашка чейин сүт менен багышат.
- Гиннесстин рекорддор китебине кирген дүйнөдөгү эң чоң уй 20-кылымдын башында жашаган. Анын салмагы 2,3 тонна, ал эми бою 188 сантиметрге жеткен.
- Жалпысынан азыр Жер шарында 1,3 миллиардга жакын уй жашайт.
- Уйлар түстөрдү айырмалай албайт, андыктан букалар жана алардын кызыл түскө карата агрессивдүүлүгү жөнүндөгү сөздүн чындыкка эч кандай тиешеси жок.
- Айрым өлкөлөрдө уйду өлтүрүү адамды өлтүрүүгө барабар. Мисалы, Куба аралында уйду өлтүргөндөр адам өлтүрүү менен барабар жазага тартылат.
- Уйдун тиши өмүр бою өсөт. Тишсиз калуу бул жаныбарлар үчүн коркунучтуу эмес. Бирок алар акырындык менен өсүшөт.
- Уй зомбулук көрсөткөн адамды эстеп калат. Ошондуктан ал сааган адамга сүттүн көлөмүн азайтышы мүмкүн.
Жолдубек Качкынбаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Аябай кекчил болушат