
Эл аралык футбол федерациясы
(ФИФА) Германиянын улуттук курамынын жана мюнхендик «Бавариянын» дарбазачысы Мануэль Нойерди «2020-жылдын мыкты дарбазачысы» деп тапты.
34 жаштагы дарбазачы 2020-жылы «Бавария» клубу менен Германия Кубогун, Германия чемпиондугун жана Чемпиондор Лигасын жеңген. Чемпиондор Лигасынын жыйынтыгы боюнча «Мелдештин мыкты дарбазачысы» деп табылган.
«2020-жылдагы мыкты дарбазачы» наамына жалпы 3 талапкер ат салышты. Алар: Мануэль Нойер («Бавария»), Алиссон Бекер («Ливерпуль») жана Ян Облак («Атлетико»).
Жумабай Акимов