БИР БҮРКҮМ. 1 ЖЫЛДА 29 АДАМ ӨРТТӨН КАЗА ТАПТЫ...
№942 24-30 декабрь, 2020-ж
-

Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Алдыдагы шайлоолорду өткөрүүдө эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо үчүн
атайын алгоритм иштелип чыкты”.
-
Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан кеткенин расмий жарыялады.
-
Бишкекте 21-декабрда Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму өтүп, билим берүү жаатында бир катар келишимдер түзүлдү.
-
Бишкекте көмүр жагылган меш жарылып бир келин каза болсо, анын жолдошу жана эки баласы ооруканага жеткирилди.
-
Сокулук РИИБинин опер кызматкери 100 000 сом пара талап кылууга шектелип кармалды.
-
“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын директору Элнура Жолдошева кызматтан кетти.
-
Үстүбүздөгү жылдын декабрына карата Кыргыз жеринде 1 миллион 78 миң 237 автоунаа бар.
-
Жылдызбек Турганбаев Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
-
22-декабрга карата Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 729 миллион метр куб суу бар.
-
2020-жылы Кыргызстанда жалпы 2425 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоодон 29 адам каза тапканы айтылды.
-
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан 2021-жылы Кыргыз жерине иш сапары менен келүү ниетин билдирди.
-
23-декабрга карата өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 79 659 адамга жетти, мунун 73 561и айыгып чыкты.
-
Белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев 22-декабрь күнү 62 жашка чыкты.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0