
Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунан кийин грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев, күрөштүн ушул эле түрү боюнча ага машыктыруучулар Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев сыйланды. Эркин күрөш боюнча ага машыктыруучу Исламбек Тазабеков да «Спорттун отличниги» деген наам алды.
Эркин күрөштүн кыз-келиндер боюнча ага машыктыруучусу Үсөналы Рыскулов жана өспүрүмдөр арасындагы ага машыктыруучу Нурдин Донбаев Мамлекеттик агенттиктин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Жумабай Акимов