
Легендарлуу испаниялык дарбазачы Икер Касильяс мурда ойноп кеткен «Реал Мадрид» футболдук клубуна кайтып келди. Бул тууралуу «Реал Мадрид» клубунун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматка караганда, 39 жаштагы дарбазачы «Реал Мадрид» клубунун фондунун башкы директорунун жардамчысы болуп дайындалган.
Белгилей кетсек, Икер Касильяс «Реал Мадрид» клубунун тарбиялануучусу. Ал бул клубда 1998-2015-жылдары ойноп, андан кийин Португалиянын "Порту" клубуна өткөн.
Жумабай Акимов