Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Бек Борбиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «БИРИНЧИ ОБОНУМДУ 7-КЛАССЫМДА ЧЫГАРГАМ»№943 30-декабрь - 6-январь, 2020-21-ж
– Саламатчылык, азыр убактым ушундай тартыш болуп жаткан учур. Концерттин алдында ыр жаздыруу менен алек болуп жаттым, убакыт ушундай бөлүштүрүлүп калды. – Пандемиянын шартында бир жыл бою эч кандай концерт болгон жок. Учурда уруксат берилгени үчүн концерт коюп жатабыз. Концертке даярдык катуу жүрүп жатат. Мен үчүн 1-2-январь аябай жооптуу күн. Сөзсүз түрдө элге майрамдык маанай тартуулаш керек деп милдеттеме коюп алгам. Жаңы жылды кандай тоссоң ошондой болот деген ишеним бар эмеспи. Ошол үчүн бул күндөрү элдин маанайын көтөргөнгө аракет кылабыз. Канча жылдан бери концерт берип келе жатканымды санаган эмесмин, менимче, 20 жылдай болуп калды окшойт. Аты да өзгөрбөйт, «Жаңы жылга жаңы ыр менен» деген ат менен берип келе жатабыз. – Жаңы чыгып жаткан ырларымды Эдил Маматов, Мирлан Ниязов, Жаныш Момунов деген мыкты аранжировщиктер жазышты. Мазмунуна келсек, жаштыктын өтүп бара жатканына арман кылбаган ким бар? «Карагым» деген «кара көзүм» деген маани. Мен дайыма ырларымды уккан угарман өзүнүн башынан өткөрүп жаткандай сезсе деп ойлойм. Ыр эл арасында көбүрөөк жашасын десең, жүрөккө жете тургандай, ар бири башынан өткөргөндөй сезе тургандай жазылышы керек. Жаш кыз мени жактырып калып, «а мен баары бир жаш эмесмин» деген мааниде жазылган ыр. – Сөзсүз түрдө арман бар. Бирок менде эмес, ырда арман бар. – Адамдын өзүнүн өзгөрбөй турган табияты болот, шартка карата өзгөрө турган мүнөзү болот. Мен тоолук жигитмин деп көп айтып келем. Бул шаардык эмесмин деген сөз (күлүп). Кичине кезимде бейбаш болчумун, бирок жакшы окучу элем. Кийин мектеп интернатында окуп калдым. Ушул нерсенин баары сиз айткандай мени «дерзкий» кылды. Мен эгерде чыгармачылык жакка ооп кетпегенимде жашоом башкача болмок. Бул жол мени өзгөрттү, чорт кыялымды жумшартты. Маданият өкүлү болгондуктан маданияттуу жүргөнгө да аракет кыласың. Чыгармачыл дүйнөдө өзүмдүн ордумду таба алдым деп эсептейм. 18-20 жашымдан эле чыгармачылык менен келе жатам. Мүнөзүм кандай болбосун, обончу катары милдетимди аткарып келе жатам. – Адамдагы табигый нерсе өзгөрбөйт, миң жолу билим алып, укмуш чөйрөдө болсоң да табиятыңдагы мүнөз калат. Акылды, билимди, тажрыйбаны жашоодон топтоп, ушул нерселерди өзгөртө аласың. – Балким, спортчу болмокмун. Кесибим жол куруучу, ошол менен кетмектирмин, ким билет? Же бизнес кылмакмын. – Бизнесим – чыгармачылык. Эгерде чыгармачыл адам бизнести тандаса тиги жагы калып калат. Ырдап да, бизнес да кылып жүрөм дегендер бар го, мен ошолорго ишенбейм. Бизнес кылам десең, бүт убактыңды, дилиңди, акылыңды ошого беришиң керек. Чыгармачылык да бүт дитиңди талап кылат. Экөө менен тең кетип ийгиликке жеткендер жок, болбойт дагы болуш керек. – Саясат көп убакытты алып койсо керек. Андайлар деле бар, бирок чыгармачылыгы баары бир токтоп калат. – Союз учурунда тарбияланып калган адамдар үчүн ырчылык «не серьёзный» кесип эле. Атамдын ушинтип айтканы бар. Атамдын агасын Сулайман чоң ата деп койчубуз. Ошол киши да «тукумубуздан ырчы чыккан эмес, жөн эле койсоңчу» деп айтып калчу. Кийин экөө тең мага, кесибиме болгон көз караштарын өзгөртүштү. Тескерисинче, сүйүнүшүп, чоң атамдын аты Борбу эмеспи, «биздин атабыздын атын кыргызга сен таанытып жатасың» деп баталарын беришкен. – Бул тууралуу эч ким билчү эмес эле, азыр айтып берейин (күлүп). Мен атам менен апамдын студент кезинде төрөлгөн баласымын. Атам футболго аябай кызыккан адам эле. Берадор деген футболчунун атынан коюптур. Атам менен апам студент болгону үчүн чоң апам Мырзагүл мени багып калат. Кийин таянем да жарым жыл багыптыр. Экөө кезек менен багышчу экен. Ошо чоң энем 2 айлыгымда келип, мени көрүп, «аты ким?» десе «Берадор» дешет. Чоң апам Фрунзе дегенге тили келбей «Боронзо» дечү. Анан Берадор дегенди кантип айтмак эле? Башкы эки тамгасын жаттап алып «Бек» деп алыптыр. Ошол боюнча Бек болуп жүрөм. – Сиз айтасыз «ушул ырларыңыз жүрөккө жакын» деп, башкасы «ыр десте» дейт, башкасы дагы бирин айтат. Автор үчүн ыр баласындай эле, ар биринин түйшүгү бирдей. Аранжировкасын жакшы жасабай коюп, же өзүм жеткире аткара албай калып бир эле жолу ырдалып калып калган ырларым көп. Ошол ырларымды деле убактысы келгенде шөөкөттөп жаштар ырдап чыгабы, же чыгармачылыгымды изилдей тургандар сууруп чыгышабы деп ойлойм. 20-30 жылдан кийин деле ырдалат, балким. Биринчи ыр жыйнагым «Делбирим», экинчиси «Тазасы барбы?» болгон. Булар эмнеге ошол кездеги адамдардын жүрөгүнө жакшы сакталып калган? Анткени ага чейин менин жанрымдагы, менин стилимдеги ырчы-обончу чыга элек болчу. Эч кимге окшошпой, оригиналдуу, өзгөчө болуп чыккан обондор болгону үчүн элге алынып кетти. Көп адамдын жаштыгы ошол жыйнактар менен өттү. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок мен чыгармачылыкка ошол убакта кандай көңүл бурсам, азыр деле ошондой көңүл бурам. Ооба, азыр бир аз жалкоолук кылып коюшум мүмкүн. Мурда сөзсүз түрдө бир күндө бир жолу музыкалык аспаптарды кармап машыкчумун. Азыр, балким, күн алыстан кармап калгандырмын. Өзүмө бир аз болсо да эс алуу бергенге татыктуу болдум болуш керек. Чыгармачылык толгонуу ден соолукка зыян. Жүрөгүңө, кан басымыңа оорчулук жаратат. Башка образга кирип, эмоцияларды жүрөгүңдөн өткөрүп жазасың. Мисалы, бир ырды чыгарсам мен ошол түнү уктабайм. Кан басымым көтөрүлүп кетет. Жатсаң дагы көзүң чекчейип тура берет. Мээңде толтура ойлор, жүрөгүңдө толгонуулар... Ошол үчүн бир аз өзүмө боштондук берип калам. Бирок чыгармачылыгыма мурда кандай чоң жоопкерчилик менен карасам, азыр да ошондой. – Обончулардын пири аталган Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаевдер биздин учурда эскирээк болуп калган. Аларды өткөн замандын ырчылары дегендей карачу элек. Андан кийинки чыккан обончулар, ырчылар, биз үчүн «современный» эле. Менин тушумда Ибрагим Жунусов, Исирадин Аманбаев, Тургунаалы Нурматовдун ырлары жаңырып турган учур эле. Чубак Сатаев кийин чыкты. Ушул аты аталган 4-5 обончунун ырларын ырдап жүрөм, ушуларды агайларым деп ойлойм. Мен алардын чыгармачылыгы менен чоңойдум, сабак алдым. Күндө келип сабак бербесе да, ырлары менен тарбиялады. Муну өздөрүнө да айтып келем. – Мыкты ырчымын деп эч бир жерде айткан эмесмин, салмактуу обончу болушум мүмкүн. Дайым "мени обончу-аткаруучу деп сахнага чакыргыла" деп айтып келем. Ырчы, жылдыз деген нерселер мен үчүн эмес. «Мендей ырдаган ырчы өзүн ырчымын дебей эле койсун» деп эчен маегимде айтып жүрөм. Чала-була ырдап алып эле ырчымын деп жүргөндөр бар. Мени профессионал ырчы деп аташ үчүн билимим жок. Обончу, аткаруучу дегенге толук макулмун. – Жок, такыр өкүнгөн эмесмин. Эч бир жерде «ий-ий, ушуга музыкалык сабатым жетпей калды» деп кейүүгө туура келген эмес. Сабатым өзүм аркалап келаткан кесибиме жетиштүү деп ойлойм. – Эң биринчи обонумду 7-класста окуп жүргөндө чыгаргам. Аккордеонду жаңы үйрөнүп, анан обон чыгаргам. Эч кимге айткан эмесмин, анткени аябай уялчу элем. Менин ырларым элге жайылып кеткен. Алар меники экенин обончу болгонумдан кийин билишти. Эмнегедир «менин ырым» деп айткандан уялчумун. «Аста-аста сен да мага көз кырыңды саласың» деген ырым бар эмеспи, ушул 7-класстагы ырым. Бул ырды мен концерттерде ырдачу элем, бирок меники деп айта алчу эмесмин. «Кимдин ыры, жакшы ыр экен» деп калышса, «билбейм, мен да бирөөдөн үйрөнүп алдым» деп коёр элем. Уялчумун, обон чыгарганымды бирөө билсе мен үчүн өлүм эле. Ыр жазып жүргөнүмдү да эч ким билчү эмес. Калың дептерлериме жазып чиймелеп туруп, катып, килемдердин алдына басылып кала берчү. Аккордеонду тартканымды ата-энем билет да, конокко бирөөлөр келсе ырдап эмес, ойноп бергенден тартынчумун. Көгөрүп «ойнобойм» деп отуруп алчумун. Бирөөлөр мени сахнада өмүр бою жашагандай сезишсе керек (күлүп). Мен үчүн сахнага чыгыш абдан чоң жүк эле. Кадам шилтеп чыгып ырдап бүтүп кеткиче шашчумун. Өмүр бою сахнада каларымды ошол кезде ким билиптир (күлүп)? Кийин студент кезимде балдарга кошулуп ырдап жүрүп ачылдым. Көрсө, ырдаган уят эмес турбайбы деп ырдап калгам. – Бийлегенди ким жаман көрсүн? Өзүмдүн чөйрөмдө эл катары жакшы эле бийлейм. Бирок сахнада бийлеген такыр башка. Ага профессионал болушуң керек, тойдо бийлеген бийиңди сахнада бийлей албайсың. Бийлегенге менден башкалар деле жетишип жатат, жөн эле коёюн. – Беш неберем бар. Төртөө кызымдыкы, бирөө уулумдуку. Небере өзүңдүн балаңдан, кызыңдан да башкача таттуу болгон сезим экен. Атамдын агасы Анаркул чоң атам «Бек, бул жашоодо сенин ким экениң, эмне иш кылганың таптакыр башка маселе. Ал эми жети атадан берки келе жаткан тукумду улоо – бул эң негизги маселе. Жети атаң өз учурунда канын төгүп, тукум улоо үчүн жанын үрөдү. Ким үчүн? Мына сен үчүн. Сага дагы өз тукумуңду улоо чоң парз» дечү эле. Мен «эми ал боло турган нерсе. Ага маани бербей, ким болгонуң, эмне иш кыла алганың маанилүү болсо керек» деп ойлогом. Уулумдун уулу төрөлгөндө ошол чоң атамдын айтканын эстедим, бир парзымды аткардым дедим. Небереге эзилип кетет экенсиң. Өзүм эрте ата болдум, ал кезде бала элем. Балдарым мени менен кошо чоңоюп калышты. Гастролго барып келсем бирөө жөрмөлөп жүргөн болот, дагы бир барып келсем басып калган болот. Бир карасаң мектепке барып калган болот (күлүп). Эми тамаша катары айтып жатам, бирок чындыгында ошондой болгон. Анда жаш болуп балдардын чоңойгонуна деле маани бербей каласың. Азыр 50нүн кырында көп нерсеге башкача карап, башкача ойлонуп калат экенсиң. Неберелерге толук жүрөгүмдү ачып эзилип кеткенге мүмкүнчүлүк болот экен. Неберелерин бардык чоң аталар жакшы көрүшөт. Мени да чоң аталарым жакшы көрүшчү. – Жеңеңдин өзүнүн баракчасын карап көрсөң болот. Менин баракчамда 5-6 сүрөтү бар. Аялын эле жетелеп сүрөтүн киргизе берген ырчылар бар, мен андай эмесмин. – Жеңеңер жакшы жүрөт. – Эми жаңы жылда жаңы президентти тандап алалы. Бул жолу татыктуусун тандайлы. Айтайын дегеним, кыргыз эли жетишинче эле кыйналды, чайпалды, төгүлдү. Өткөн жыл сабак боло турган жыл болду. Чыгармачыл адамга тынчтык, элибизде жакшылыктар болсо эле болду экен. Өзүңөр байкагандай, өткөн жыл пандемиядан улам аябай эле кыйын жыл болду. Орусиянын артисттери «бизге шарт түзүп бергиле» деп чыгышты, биздикилер деле бир аз айтышты окшойт. Мындай караганда, артисттердин 90 пайызы өзүнүн чыгармачылыгы менен жан багат, эч кимдин сырттан каражаты жок. Айтор, тынчтык болсун жергебизде. Оору-сыркоодон алыс бололу, элибизге келе жаткан жыл берекесин берсин. Жаңы жылыңыздар менен! Нуржамал Жийдебаева Бек Борбиев: “Мени ырчы, жылдыз деп чакырбагыла деп айтам“
Автор: Нуржамал Жийдебаева
Оператор: Айбек Алимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(9)
Asmat84
![]() SUPER.KG видео
31.12.2020. 18:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул күнгө чейин канча чыгарма жаратты экен
KaGaH
![]()
04.01.2021. 10:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы ырчы агабыз бар,оор басырыктуу мактанбаган,азыркы ырчылардан төөдөй бийик турат,жаңы жылыңыз менен агай
airada
![]()
04.01.2021. 15:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо интервью берип баштаса анда ырларын кайра жүктөлдү медиа порталга
Aijamal_95
![]()
04.01.2021. 18:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боло эжем Бек Борбиевтин концертине барам деп парданы куйдургон экен. Азыр ошону эстедии негедир
Azizbek81
![]()
04.01.2021. 19:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Майрамбек осмонов айткандай Бек соолубас булак,эми циркке барып контсерт койсонуз аюулар дагы таанышат деп айтканын окудум эле,ден соолукта болунуз сиздин ырларыныз менен чонойдукко
nazira...
![]()
06.01.2021. 20:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы тууралу сүйлөгөнү жакты, азыркы чыгып аткан чөжө ырчылар ушулардан үлгү алышпайбы дейм да.
nazira...
![]()
06.01.2021. 20:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан Аселдин жаштыгындагы сүрөтү сонун экен, өзү деле айтса керек көргөндө.
munduz2016
![]()
09.01.2021. 16:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз эстрадасынын лидери!!!
MIRBOLOT
![]()
26.01.2021. 10:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевдин ырлары жазылган кассета жарабай калгыча укчу элек.
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|