Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Борончу Кудайбергенов, куудул: «ЫРЧЫЛЫГЫМ ЭКИ ЫРЧЫНЫН КӨЛӨКӨСҮНДӨ КАЛДЫ»№944 7-13-январь, 2021-ж.
– Адамдын калыптанышына ай, жыл, чөйрө жана ата теги таасир берет экен. Жылдыз белгим боюнча эгиздермин. Демек, менде эки адамдын мүнөзү бар. Сахнага башка Борончу чыгат. Кадимки жашоомдо түнтмүн, көп сүйлөгөнгө караганда, көп окуганды жакшы көрөм. Сахнада гана ачылып-чачылып кетпесем, дээрлик токтоомун. Конокко барганда көп сүйлөбөй турганымды билбегендер «качан бул күлдүрүп баштайт?» дегенсип карай беришет. Жыл дегеним, жылкы жылында төрөлгөм. Жылкыны арабага чегип коюп бардык ишти кылдыра бересиң го, ошондой эмгекчил, тажабай бир нерсени кыла берген жанмын. Ата-энеме келсек, апам да жамакчы, тамашакөй киши болгон, канымда бар. Чөйрөм чыгармачылыкта жүргөн адамдар болгону үчүн ушул жолго түштүм деп ойлойм. Кичинемден артист болом дечүмүн. Ырдачумун, роль аткарчумун, көркөм ийримдерге катышчумун. Шакин Эсенгулов деген мыкты инсан жетектеген «Бекбекей» деген бий ансамбли чыккан, ошонун курамында элем. Ал кезде «чоң шаарларда, анан Жумгалда эле драма театр бар» деп мактанып калчу элек. Бейбаш балдарды кесиптик орто окуу жайларга айдап жиберишчү. Ошолордун катарында болчумун. Ошол жерден өнөрүм ачылып, Бишкекке чейин барып диплом алып жүрдүм. Кызыгы, мен алгач сахнага куудул эмес, ырчы болуп чыккам. Болгондо да терең, муңдуу ырларды ырдачу элем. Кийин шартка байланыштуу куудул болуп калгам (күлүп). Орто окуу жайынан аскердик кызматка чакырылдым. Келгенден кийин «Кыргыз-Автомаш» деген заводдо ширетүүчү болуп иштеп калдым. Анда төрт бала жакын дос элек. Үчөөбүз кийин элге белгилүү болуп кеттик. Бири Таалай Бектурганов, бири Болот Алымкулов, аны Жимми деп коёт эмеспизби, бири мен. Ошол учурда «Ак тилек» деген топ түзүп алганбыз. Майрамдарда ырдап, элдин көңүлүн ачып, эл таанып калган кез болчу. – Жашпыз да, кыздарга барабыз. «Ийри-буйрунун кыздарына барабыз» деп калчу элек, анткени ийри-буйрусунан түшкөн кыздар жатаканасы бар эле. Ал жерде ансамблди жетектеген Таалай деген агайыбыз жашачу. Ал Чубак Сатаевдин жакын досу экен. Бир күнү туулган күнүнө барсак Чубак Сатаев келип калды. Азыр ырчыны көрбөгөн жерибиз жок болуп жатпайбы. Биздин убакта популярдуу ырчынын жүзүн көрүү мүмкүн эмес эле. «Мыскыл жана тамашада» бир көрсөк, «Арноо концертинде» бир көрчүбүз. Жүзүн көргөнгө ушунча ынтызар болчубуз. Ошол жерден Таалай ырдап калды, мен шылдырак менен ырдап калдым. «Сенин үнүң меникине окшош экен, жүрү, мени менен концерт койбойсуңбу?» деп Чубак Сатаев айтып калды. Заводдо «моюнунан байлаган ит ууга жарабайт» болуп араң иштеп жүргөм. Дароо ишимди таштап ээрчип кеттим. Ошол боюнча анын жанында ырдап 4 жыл жүрдүм. Азыр «Алтын фонддо» экөөбүз ырдаган ырлар сакталып турат. Мен анын «Жаз жамгыры» деген ырын аткарчу элем. Бир жолу радиого маек берип жатсам «бир жигиттин «Жаз жамгыры» деген ыры бар экен, ошону угуп, анан маегибизди уланталы» дешти. Мен ырдаган ыр экенин өздөрү деле билишпейт экен. «Мен ырдагам» деп тамашалап маекти бүтүргөнбүз. Үйлөнүп, Чубак Сатаевди өкүл ата кылгам. Өзүмдү куудулмун деп эсептебейм, мен аракетчил адаммын. Анткени Чубак ырдагандан кийин эс алып турганча мен сахнага чыгып эл менен сүйлөшүп, көңүлдөрүн көтөрүп жатып эле куудул болуп калдым. Кийин жагып калып, ошол жагына көбүрөөк басым жасап кеттим. Тубаса куудул Манас Бердибеков болчу. Басканы, сүйлөгөнү, кыймылдаганы деле аябай күлкүлүү эле. Аны менен көп иштешип калдым. Чубак менен иштешип жүргөн кезде Бек Борбиев деген жигит келди. Ош шаарында концерт коюп жүргөнбүз. Жапжаш жигит болчу. Анда мени байке дечү, кийин тоготпой калбадыбы (күлүп). Ал мага жолугуп «байке, мени концертинде бир чыгарып койсунчу, Чубак Сатаевге айта барасызбы» деди. «Ырдап көрсөң» десем аккордеон менен «Делбиримди» ырдады, ыры жакшы экен. Мен Чубакка айтып, концертке чыгардык, эл жакшы кабыл алды. Чубакта ичи тардык, көрө албастык деген сапат такыр жок болчу. Бек чыгып ырдагандан кийин Чубак «сен менден кийин чыга турган ырчы экенсиң» деди. Өзү жөнөкөй эле. Азыркылар эки ыр ырдап коюп адамды үстүдөн карап жатышпайбы. Болбосо кыргыз элинде Чубактай популярдуу ырчы боло элек. Ал филармонияга 18 күн тынбай концерт койгон, дем алыш күндөрү экиден сеанс койчубуз, элестет. Азыр «мен жылдызмын» дегендин баары топтолсо да эки күнгө элди кармай албайт. Кийин Бек мага «мени менен иштебейсизби?» деп калды. Чубактын уруксаты менен «Бек» ансамблине кеттим. Тыпылдаган бир тың кыз жүргөн экен, аны кошуп алдык. Ал Асел Турдалиева эле. Кийин түштүк жакта гастролдоп жүрүп тыпылдаган кичинекей жигитти көрдүк. Ямаханы ала калып, коё калган тыкан, өз ишин жакшы билген жигит экен. «Мен артыңарда ямаха чертип турайын» деп калды. Асел, Бек ырдашат, мен куудулданам, концертти алып барам. Ортодогу убакытта аркабызда ямаха чертип турса тим эле сонун болуп калат экен. Бек «сонун экен, ээ? Кел, ушул жигитти кошуп алалы» деди. Ал Кубик Калыков болчу. Ага чейин Бек аккордеон менен гана ырдачу, эстрадага салган Кубик болду. Удаа эле «Биз» тобу чыкты. Ал кезде ушул эки ысым катуу популярдуу болуп турган. Кассетанын бир бетинде Бектин ырлары болсо, экинчисинде «Биз» тобунун ырлары эле. Бир жолу Бектин үйүндө конок болуп калсак бир коңшу кызы келип өзүнүн кассетасын сурап калды. «Эмне кассета эле?» деп сурасак, Бекке «бир жагы «Биздики» экинчи жагы сиздики» деп жатпайбы. Боорубуз эзилип калган. – Мен мааниси терең, муңдуу ырларды аткарганды жакшы көрчүмүн. Азыр деле ошондой ырларга жан дүйнөм тартып турат. Тамашалуу ырларды ырдайын десем жүрөктөн чыкпайт, окшошпойт. Мурун эл ырдын сөзүнө, обонуна маани берчү. Мына ошол ырлар азыр деле жашап келет. Кийин эле сөзү тантыраган музыка менен шөкөттөлгөн ырлар чыгып калбадыбы. Жогоруда айткандай, 4 жыл Чубак, 4 жыл Бек менен жүрдүм. Экөө тең популярдуу болушту. Менин ырчылыгымды экөөнүн атактуулугу басып кетти окшойт. Эми Чубак менен Бектин жанында ким өзүн ырчы сезет? Чубактын тушунда миң балекет сонун ырды башка ырчы ырдап жатса да эл Чубактыкын угушчу. Бек ырдап жатканда да ошондой болду. Чубактын жанында жүргөндө ал кандай жылдыз болсо, мен деле ошондой болдум. Жанында шылдырак кагып жатып колдорум жооруп кетчү. Кол чабылса да экөөбүзгө чабылат. Аны макташса, мени деле мактай беришчү. Эйфория болуп, эреркеп, башка бир дүйнөдө жүргөндөй болосуң. 8 жыл ошондой болду, кийин «башка ырчылар деле ырдап жанын баксынчы. Мен чыксам такыр эле ырдай албай калышпасын» деп жөн койдум (күлүп). Ырчылык өнөрүм эми ачылат окшойт, анткени маданият министри фонограмма менен ырдаганга тыюу салабыз деп жатпайбы. Ушундай учурда жылдызым жанабы деп турам (күлүп). Ошол кездери куудулдар менен да көп жүрүп калдым. Куудулдук өнөр жакын сезилип калды, ошол тарапка кеттим. Эл мени куудул катары таанып калды. Өзүмдүн жеке концерттеримди берип жүрдүм, залга эл батпай калчу. Бирок ал кезде текеберчилик жок эле. Азыркы жаштар биздей жылдыз болбосо керек. Анткени элдин овациясы, сүйүүсү, суктануусу менен жашап жүрдүк. Тайтактап кеткен жокпуз. – Бала кезден кино актёр болгум келчү. Байкасам, табиятым телеге жакын экен. Азыр вайн деген мода болбодубу, ошону 30 жыл мурун эле тартып койгом. Мыктыбек Арстанбек экөөбүз камераны сүйрөп алып Манас Бердибековдун күлкүлүү окуяларын тартып калчубуз. Кээде мен тартылчумун. 5-10 мүнөттүк видеолор 5 сааттай болуп топтолгон, теледе иштеген бир кыз алып, кийин жоголуп кетти. Жоготуп эле ийди го, болбосо чыгат эле. Өзүмдүн «Узун-кыска» деген көрсөтүүм бар болчу. Бир кыз менен алып барчумун. Ушундайды айтсам эле кээ бирөө таарынып калат. «Ысык-Көлдө кадыр түн» деген фестиваль менин долбоорум болчу, кийин эле башкача болуп кетти. Ушул сыяктуу нерселерди уюштуруп келе жатам. Былтыр «Борончу фест» деп күлкү кечесин уюштуруп, кошуна өлкөдөгүлөрдүн куудулдарын чакыргам. Так ошол күнү Алмазбек Атамбаевди кармайбыз деп калышты. Чет жактан келгендер «булардын дагы революциясы башталды» дешип үркүп, концертим жакшы болбой калды. Бирок баарына гонорар төлөп бердим, ыраазы кылып узаттым. Быйыл деле аракет кылып Ош шаарына өткөрөм деп турам. Эл аралык фестивалдарга катышып турам. «Ушундан акча таап алайын» деген адам болсо ойлогон ою ишке ашпай калса, «мынча акчаны кантип жабам?» деп ооруп калмак. Мен чыгармачылык менен ооруйм. Иши кылып бир нерсени ойлонуп, аны ишке ашырып турушум керек. Бүгүн ойлогонумдай болбой калса, эртең «ий, муну бир аз башкача кылып жасап көрүш керек» деп ойлоном. Чыгармачылык жолумда түрдүү күндөр болду. Табиятымдан эле бирөө менен жакшы мамиледе болсом, аны бир тууганымдай көрүп алам. Ал мага кыянаттык кылса да оор кабыл алам. «Эмнеге мындай кылды?» дей берем. – Бул жолу Жамбыл Камчиев президенттикке талапкерлигин койбодубу. Мен бул жолу да өзүмдүн талапкерлигимди коюп, мурунку оюмду айтайын дегем. Кайра апендидей кайталай бербейинчи дедим. Мен президент болом деп койгон эмесмин. Мага талапкерлерге койгон талап жаккан жок, ошого каршылык катары талапкерлигимди койгом. Оюмда ажо башкача тандалышы керек эле. 3-4 ай мурун президент болом деген адам программасын сунуштап, аны комиссия көрүп, ошол жерден билим деңгээлин, канча тил билерин билип, ошондон иргелип өткөндөрдү гана арыз жазгыла деши керек болчу. Эмне президенттик «официант керек» дегендей эле нерсеби? Буга олуттуу караш керек. Эгерде башка бирөө койсо, демек, мен деле коём деген ойду айткым келген. Азыр деле ошол ойдомун. Ошол кезде президент болом дегенде да «Атамбаев менен дебатка чыксам» деген ой бар эле. Ага атайылап жеткирбей коюшкан. – Чыгармачылыкта жүргөндөрдүн арасында досторум көп эмеспи. Аяштарымдын кызганып жатып күйөөлөрүн артка тарткандарын көрүп жүрөм. Үйдө тынчтык болгондо гана эркек эшикке чыгып акча таап келет. Келинчегим аябай жардам берди, кызганып, «ал эле, бул эле» деген жок. Жеңеңер сатираларымдын биринчи күйөрманы. Ага биринчи репетиция кылып, күлсө «ии, жакшы экен» деп калам. Өмүр бою талаалап жүрдүк, ошого макул болду, колдоду. Сахнага чыгып аялдар тууралуу айта берсем эл ойлойт болуш керек, «аялы укмуш ажаан болуш керек» деп. Ашыкча сүйлөбөйт, токтоо, чарбачыл. Эки уулубуз бар. Улуусу 25 жашка чыгып калды, быйыл келин алалы деп турабыз. Экинчи уулум студент. Иштеп, дагы жакшы нерселерди элге тартуулайлы деген изги үмүт менен келе жатабыз. – Борончу таланттуу жигит. Ыраматылык Чубак Сатаев менен чогуу иштешип, илгери эле залкарлар менен табакташ болгон. Биз «Бек» эстрада тобу уюшулганда чогуу иштеп калдык. Экөөбүз куудул болуп сахнага чогуу чыкчубуз. Борончунун артисттик жагы күчтүү, өзүнө жарашкан образдарды да таап алат. Башка бирөөнү туурабай, оригиналдуу нерселер менен чыгат. Негизги өзгөчөлүгү – ушунчалык эмгекчил, аны менен теңдер чарчаса да, ал чарчабайт, жүгүрүп эле жүрөт. Идеялары куюлуп эле турат, жаны тынбайт. Биздин куудулдардан эч кимиси казак, өзбектердин куудулдарына барып аракет кылбай эле жүрүшпөйбү. Бул фестиваль өткөрүп, ар кайсы жакка барып алпурушуп жүрөт. Өзүнө ишенген адам гана мындай иштерди кылат. Мурун ырдачу, бирок мен Борончуну куудул катары эле кабыл алам. Ырчы катары да өзүн тааныткысы келип, аракет кылып жүрөт. Азыр ырчы көп, биз ырчы аз кезинде чыгып атыбызды чыгарып алдык (күлүп). Эсиме бир окуясы түшүп кетти. Бир жолу мейманканада жатабыз. Гастролдоп жүргөнбүз. Балкондон чуркап кирип «мени жок деп кой» деп, шкафтын ичине кирип жашынып алды. Мен түшүнбөй калдым. Анан бир кыз келди, дарбыз көтөрүп алыптыр, сумкасында суусундугу бар экен. Борончуну сурады. Тигинин шкафта бекинип отурганын билем да, тамашакөй жаным шашпастан «кел, кир, карындашым» деп киргизип алдым. Алып келген дарбызын союп жеп, суусундугун ичип, аны менен жарым сааттан ашык сүйлөшүп отурдум. Анан «Борончу жок эле» деп узатып койдум. Борончу шкафтан чыгып алып сөгөт (күлүп). Биздин учурда ушундай фанаттар бар болчу. Ошондо тиги кыздан эмнеге качканын сурабаптырмын. – Биз кичинесинен Борончу менен чогуу өстүк. Бир айылда, бир мектепте чогуу окуганбыз. Анда куудул болуп кетерин билген эмеспиз, анда-санда күлдүрүп коюп жүрчү. Бирок ырдачу эле. Аккордеон чертип, мектептеги иш-чаралардан калчу эмес, сынактарга катышып жүрчү. Бокемдин таланты бар, бирок эмгек анын ийгилигинин көп пайызын түздү. Жаны тынбайт, өжөр. Биздин убакта атаман дегендер болчу эмес беле. Бокем өзү атаман болбосо да, атамандардын жанында жүрчү (күлүп). Кичинекей болуп алып аябай күрөшчү. Айылда кыздарды отурушка чакырчу элек. Ошондо кыздардын баарын Борончу алып чыкчу. Ата-энелер бизге ишенчү эмес, Бокемди көрсө эле ишенип, кыздарына уруксат берер эле. Мектепте жүргөндө классташ кызыбызга ашык болду. Өзүнө окшош, бою кичине эле, экөөнүкү өзүнчө эле легенда болду. Кыз айылдын ылдый жагында жашачу. Борончу кыздарды ээрчитип алып «тиги кызды чакырып бергиле» дейт. Алар суукта үшүп кызды үйүнөн чакырып беришет. Экөө сүйлөшүп тура беришет, кыздар тоңуп калчу экен. Кийин айтып күлдүрүп жатышпайбы. Кызыгы, ал кызды кайра эле башка классташыбыз ала качып кетти. Мурда тамашалап «эй, абайла, Борончу биз жакка гастролго келе жатыптыр, аялыңды жакшы кара» деп калчу элек (күлүп). Борончу менен азыркыга чейин жакшы катыштабыз. Чыгармачылыгы өркүндөй берсин. – Улуу куудул агаларыбыздын баары эле бизге жол көрсөтүп, акылын айтышат. Куудулдукту үйрөтө турган бир мектеп болбогондон кийин мурункуларды көрүп кийинкибиз чыгып келе жатабыз. Борончу агабыз да колдон келген жардамын аяган жок. Куудулдук өнөргө келгенден бери Борончу агабызды билем, жакын болуп кеткенибизге 5-6 жыл болуп калды. Куудулдук өнөрү боюнча Борончу байке бир нерсени мыскылдап, акырын эле чучугуңа жеткирип айтат. Аягында жылмайып койгону бар. Адатта тополоң салып ийген, ачуусу чукул жеңил адамдар болот го, Борончу байке андай эмес. Аябай токтоо, сабырдуулугуна баа берем. Анан улам бир ишти баштай берет, ага да чоң жүрөк керек. Коркпой баштап, болбой калса кейибей, дагы бир нерсе ойлоп таап жүрө бергенин баалайм. Нуржамал Жийдебаева Борончу Кудайбергенов: “Ырчылыгым эки ырчынын көлөкөсүндө калды“
Автор: Медина Найманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(1)
Jaka78
![]()
11.01.2021. 18:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сизге ден-соолук,чыгармачылык ийгилик
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|