
Кыргызстандык спортчу Манас Абдаким уулу профессионалдык күжүрмөн самбо боюнча Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу анын машыктыруучусу Айбек Мусаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Эл аралык мелдеш 9-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өттү. Манас Абдаким уулу мелдеште 68 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, төрт спортчу менен кармашкан. Ал бардык беттеште жеңип отуруп, Дүйнө кубогун утуп алды.
Машыктыруучу Мусаев белгилегендей, дагы башка кыргызстандык спортчу Адилет Акматов (90 килограмм) экинчи орунду, Бекназар Куштарбек уулу (62 килограмм) үчүнчү орунду алышты.
Жумабай Акимов