
UFC чемпиону, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 2020-жылдын жыйынтыгы менен дүйнөлүк бир канча ири басылмалар тарабынан мыкты мушкер деп табылды. Спортчу Helwani Nose Awards сыйлыгында «Жылдын мушкери» деп аталды.
«Чемпионат» спорттук сайты UFC Russia менен биргеликте 2020-жылдын мыктыларын тандоо боюнча сурамжылоодо Шевченко «2020-жылдын мыкты мушкер айымы» наамына көрсөтүлүп, сурамжылоого катышкандардын 65 пайызынын колдоосуна ээ болгон.
Мындан тышкары көз карандысыз Women`s MMA Rankings басылмасы да UFC`нин жеңил салмактагы кыргызстандык чемпионун «Жылдын мушкери» деп тапкан.
Жумабай Акимов