БИР БҮРКҮМ. ЖУРНАЛИСТ ӨЗ ӨМҮРҮН КЫЙДЫ...
№945 14-20-январь, 2021-ж.
-

12-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү
11 миллиард 650 миллион метр кубду түздү.
-
Буга чейин УКМКнын маалымат катчысы болуп иштеген Рахат Сулайманов 5-каналдын башкы директору болуп дайындалды.
-
Бишкек мэриясы мамлекеттик бала бакчаларды ачуу мөөнөтүн 20-январдан 1-февралга жылдырды.
-
«Электр станциялары» мамлекеттик ишканасы 1 жарым миллион сомго эки автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
-
Ысык-Көлдө облустук телеканалдын журналист кызы өз үйүндө асынып каза тапты.
-
Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге квалификациялык категорияларын кайрадан ыйгарары айтылды.
-
Финпол: «Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев күнөөсүн моюнга алды».
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги: «Мектептерди кадимки режимде иштөөгө өткөрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланууда».
-
14-январдан тарта Ош шаарындагы мектептер толук кандуу иштеп баштайт.
-
Бишкекте УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгү менен жүргөн жаран кармалды.
-
2020-жылы өлкөдө курулуш иштерин жүргүзүүгө 600дөн ашык лицензия берилгени айтылды.
-
ИИМ: «Өлкөдө 2020-жылы 246 автоунаа уурдалган, анын 12си табылган жок».
-
Нефтетрейдерлер ассоциациясы: «Күйүүчү майдын баасы кымбаттайт деген маалымат жалган».
-
Өкмөт өлкөдөн жүгөрү экспорттоого коюлган чектөөнү жойду.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0