БИР БҮРКҮМ. БАЗАР-КОРГОН ШААРЫ ТҮЗҮЛӨТ...
№946 21-27-январь, 2021-ж.
-

20-январдан тарта Бишкек-Стамбул-Бишкек авиакаттамы боюнча учактар
аптасына 7 жолудан уча баштайт.
-
Өлкөдө 19-январга карата 98 700 жаран жумушсуз катары каттоодо турат.
-
Парламентте Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзам долбоору талкууланууда.
-
2021-жылдын январына карата элге жаратылыш газынын 1 метр кубу 17 сом 80 тыйындан сатылууда.
-
Кыргызстандын башкы балдар хирургу Талант Өмүрбеков пневмония илдети менен ооруканага түштү.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактардагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу жогору экенин эскертти.
-
Бишкекте милициянын Кайгуул кызматы 1 жылда 2740 кылмыш жана жоруктун бетин ачканы жарыяланды.
-
18-январга карата Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 358 миллион метр куб суу бар.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Февраль-март айларында коронавирустун үчүнчү толкуну күтүлөт”.
-
БШК мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялоо алдында турат.
-
2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө 825 528 даана паспорт даярдалганы айтылды.
-
БШКнын жумушчу тобунун чечимине ылайык, президенттикке талапкер болгон Курсан Асановдун арызы боюнча Ош шаарындагы 3 шайлоо тилкесинде добуштар кайра саналат.
-
Жогорку Кеңештин аппаратынын мурдагы жетекчиси Раатбек Эшмамбетов каза болду.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0