
Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу BRAVE CF эл аралык уюмунун алкагында экинчи жеңишине ээ болду. Анда ал тажикстандык Жахонгир Саиджамолов менен беттешке чыккан. Беттеш 7 мүнөт 5 секундга созулуп, кыргызстандык мушкер муунтуу ыкмасы менен утуп алды. Мелдеш 16-январда Орусиянын Сочи шаарында болуп өттү.
Белгилей кетсек, Кубанычбек Абдисалам уулу буга чейин 2020-жылы 19-ноябрда азербайжандык Вагиф Асгаровду нокаутка учуратып жеңип алган. Аталган мелдеште оор салмак категориясында Кыргыз өлкөсүнүн дагы бир мушкери Жыргал Чомонов орусиялык атаандашына жеңилип калган.
Жумабай Акимов