
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраилов Оштун “Алай” футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу клубдун басма сөз катчысы Нуристан Марат уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, Исраилов клуб менен бир жылдык келишимге кол койгон. Ал буга чейин Индонезиянын Биринчи Лигасындагы “ПСИС Семаранг” футболдук кулубунда ойногон.
26 жаштагы спортчу футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасында 2013-жылдан бери ойноп келет.
Жарым коргоочу Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын Азия кубогундагы алгачкы голунун автору.
Жумабай Акимов