
Англиянын “Челси” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Фрэнк Лэмпард кызматынан алынды. Бул тууралуу клубдун расмий сайтына жарыяланды.
“Фрэнк Лэмпардга клубдун башкы машыктыруучусу болуп турганда жетишкен ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бирок акыркы жыйынтыктар күтүлгөндөй болбой жатат”,- деп жазылат клубдун маалыматында.
42 жаштагы машыктыруучу лондондук клуб менен 2019-жылдын июль айында үч жылдык келишимге кол койгон. “Челси” клубу Фрэнк Лэмпарддын жетекчилиги астында 2019/2020-жылдагы сезондо Англия Премьер Лигасында төртүнчү орунду ээлеген. Ал эми Чемпиондор Лигасында 1/8 финалга чейин жетип, “Бавария” клубуна утулуп калган.
Жумабай Акимов