БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨГӨ БАКИЕВДИН ЖУБАЙЫ КЕЛДИ...
№947 28-январь-3-февраль, 2021-ж.
-

Бишкек мэриясы: “Мектеп
окуучуларын бекер ташуу үчүн 10 автобус сатып алуу пландалууда”.
-
Финпол Орусияга авиабилеттерди негизсиз кымбаттатуу фактыларын текшерет.
-
Мекемелер аралык комиссия: “Коронавирустан каза тапкандар расмий жарыяланып жаткан маалыматтагыдан алда канча көп”.
-
27-январда Бишкекте жарандык активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарын таратуу талабы менен митингге чыгышты.
-
Пара талап кылуу кылмышына шектелип кармалган жарандык активист Улан Жураев сот чечими менен үй камагына чыгарылды.
-
Мурдагы вице-премьерлер Аида Исмаилова менен Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка чакырылды.
-
26-январга карата Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 975 миллион метр куб суу калды.
-
Кыргызстанга Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева келди.
-
Бишкекте кургак сүттү мыйзамсыз жасап сатуу менен алектенген жашыруун цех табылды.
-
Парламент депутаттары Ысык-Көлгө чет элдик жарандар үчүн казинолорду ачууга жол берчү мыйзам долбоорун сунушташты.
-
2020-жылы өлкөдө 674 ата-эне бала багып алышканы маалымдалды.
-
26-январга карата ооруканаларда коронавирус илдети менен 643 адам жатат.
-
Нурбек Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды.
- 2020-жылы өлкөдө 172 уюшкан кылмыштуу топ кармалганын ИИМ билдирди.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4