
23 - январь күнү ырчы
Анжелика Кайратова 3 кызы менен Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына учурады. Автокырсык Түп районуна караштуу Балбай айылында болжол менен таңкы саат 6да болгон. Кырсыктан катуу жаракат алган ырчы Бишкек шаарына реанимобиль менен жөнөтүлүп, буту сынган 5 жаштагы кичүү кызы оор абалда райондук ооруканага жеткирилип, эртеси Бишкекке алып келинген. Эне-балага операция жасалып, учурда абалдары туруктуу. Ал эми унааны башкарып бараткан айдоочу кыз жабыркаган эмес. Ырчынын 3 кызы тең учурда ооруканада.
Абалы турукташып калганда ырчы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды:
– Үч кызым үч башка ооруканада. Айлиним экөөбүз колубузду бекем кармашып, бири-бирибизге жардам берип жатабыз. Айымам, Элимамды сагындым. Айымкамдын колу, буту, бели сыздатып жатат. Ага эми чоң операция жасалганы турат. Элимамды көрүп биринчи жүрөгүм түшкөн. Бир бети көк ала, башы шишиген. Белим чыдатпай оорутуп жатса да кыйкыра албадым. Кыздарымды коркутуп аламбы деп корктум. Түптүн ооруканасынан Айлиндин бутун рентгенге тартып, чыгарып беришти. Тизеден өйдө балта менен чорт кескендей көрүнүш. Кызымдын буттары экенине ишенгим келген жок. Нес абалдан чыга албай жатам. Дуба кылалы, деди ырчы.
Анжелика айымдын жана кыздарынын тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.
Ал жон эле ырым жырым
Аллах кыздарына жана өзүнө шыпаа берсин ,айыгып кеткиле .
Чет өлкөдө эмес өз үйүндө тынч жашай албагандар бар.Кымбат кийим эмес үстүнө араң жапкан га кийими барлар бар.Балага зары бар ,ооруп төшөктө жатканы бар,мына ушуга окшогон нерселер де көз тийуу назар түшуүгө себеп болот.