БИР БҮРКҮМ. ТАМЕКИГЕ САЛЫК КЫМБАТТАЙТ...
№948 4-10-февраль, 2021-ж.
-

Жумгал районунда 3 жашар бала
пневмония илдетинен каза болду.
-
Нуркамал Асканова Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
-
2020-жылы мамлекеттик чек араны бузган 165 жаран кармалганын Чек ара кызматы билдирди.
-
Салык кызматы: “Өлкөдө тамекиге болгон салык кымбаттайт”.
-
“Электр станциялары” ишканасынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев кызматынан бошотулду.
-
Башкы прокуратура: “Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментине 8 кылмыш иши козголду”.
-
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2-февралда Сауд Арабиясына кичи ажылык сапарына кетти.
-
Мындан ары жарандарды мамлекеттик кызматка дайындоо сынак аркылуу гана болорун Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.
-
3-февралга карата Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 570 миллион метр куб суу бар.
-
УКМК тарабынан “Скайл Мобайл” ишканасынын мурдагы башкы директору коррупцияга шектелип кармалды.
-
Арслан Койчиев президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп дайындалды.
-
"Кыргызстанда 3 айга гана жетерлик кумшекер калды",- дейт айыл чарба министринин милдетин аткаруучу Тилек Токтогазиев.
-
Кыргызстанда "Граф" деген каймана аты менен белгилүү ишкер Алиджан Ибрагимов коронавирус илдетинен улам каза болду.
Жумабай Акимов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0