
"Салам, Нью-Йорк!”, “Апамды издеп”, “Көк бөрү” фильмдеринин режиссёру
Руслан Акундун “Эки баатыр” тасмасы 18-марттан баштап кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын продюсери
Максат Болотбек билдирди.
“Оңолобуз же жоголобуз” девизин камтыган тасма 2020-жылдын күз мезгилинде Казакстанда жана Кыргыз өлкөсүндө тартылган. “Эки баатыр” тасмасындагы башкы ролду Эмил Эсеналиев, Шумкарбек Бейшеналиев, Болот Тентимишов аткарышкан. Тартууга 100 миң доллар сарпталган.