Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
19 жаштагы жигит: «МЕНИ ҮЧ ЭРКЕК 10 ЖЫЛ ЗОРДУКТАП КЕЛДИ»№948 4-10-февраль, 2021-ж.
Алгач эле окуя мыйзамдын негизинде иликтене баштадыбы деп, Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматына кайрылдык. Алар төмөнкүдөй маалымат беришти: – 26-январь күнү Чаткал РИИБине 19 жаштагы эркек бала арыз менен кайрылып, 2011-жылдын жай айынан баштап 2012-жылдын кыш айына чейин бир тууган 2 бөлөсү, 2015-жылдын март айынан 2021-жылдын 15-январына чейин башка дагы бир эркек киши күч колдонуп зордуктап келгендигин, аталган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүп берүүсүн суранган. Аталган факты Чаткал РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда. – Атым Нурлан (каармандын коопсуздугу үчүн аты өзгөртүлдү). 2001-жылы Чаткалда туулгам. Атам да, апам да чаткалдык болушат. Апам 2016-жылы каза болуп калган. Атам биринчи аялы менен Бишкекте жашайт. Окуя тууралуу айтсам, мага бул кордук 4-класста окуп жүргөнүмдө башталган. Ошол учурда (2011-жыл) апам бөлөлөрүмдүн үйүнө жөнөткөн. Мен короодо ойноп жатсам, 1990-жылы туулган бөлөм мени малинанын арасына ээрчитип кирди. Ал жерде ойнойбуз го деп түшүндүм. Бирок ал мага тийишип, шымымды чече баштады. Каршылык көрсөттүм, бирок күчүм жетпей койду. Ошол учурда бөлөм 10-11-класста окучу. Үстүмдөн баса калып өз ишин жасады. Кыйкырсам колу менен оозумду жапты. Эмне кылып жатканын түшүнгөн деле жокмун, ал “бирөөгө айтсаң өлтүрөм, балдарга салып берем” деп коркутту. Мен коркуп, ыйлап, муну эч кимге айтпаш керек экен дедим. Ал эч нерсе болбогондой малинанын арасынан чыгып, үйгө кирип кетти. Мен ооруксунган жеримди жалбырак менен аарчып, артынан чыктым. Ошол күнү түштөн кийин өз үйүмө кеттим. Корккондуктан апама эч нерсе айткан жокмун. Эч кимге айтпастан ичимде сактап жүрө бердим. – Жаңы жылда апам кайра эле ошол бөлөлөрүмдүн үйүнө жөнөттү. Ал жерден Жаңы жылды белгиледик. Саат 12ден кийин ошол мени кордогон бөлөм “балдар менен отурам” деп сыртка чыгып кетти. Аркасынан эле 95-жылкы иниси чыкты. Таежем мага төшөк салып берип, жаттым. Бир кезде кичүү бөлөм кирип келип, менин жанымдагы ордуна жатты. Андан соң “менин жаныма келип жат” деди. Оюмда жаман нерсе жок видео көрөбүз го деп жанына барып жаттым. Телефондон видеолорду көрдүк. Андан соң жамбашымды кармалап, жыныстык мүчөсүн мага тийгизип тийише баштады. Ал дагы “үнүңдү чыгарба” деп коркутту. Ал жумушун бүтүргөндөн кийин “бирөөгө айтсаң өлөсүң, сенин жашооң эми менин колумда” деди. Эртеси үйгө кетип калдым. Бирок бул жолу да эч кимге айта алган жокмун. Ал ортодо эки бөлөм бир ай тыным алып, мени ар жерден зордуктап жүрүштү. Телефон номерлеримди алмаштырсам да таап алышат. Коркутуу жолу менен чакырып мени машинадан зордуктап жүрүштү. Иштерин бүткөндөн кийин үйгө алып келип таштап коюшат. Бирок экөө бир убакта эмес, эки башка маалда зордукташчу. Экөө бир-бирин билишчү эмес. Бир жолу менден шекшип сурашканда танып койдум. Балким, билишкен чыгар. – 2015-жылы бүттү окшойт деп ойлодум. Мага жолобогула деп экөөнө тең айттым. Алар да макул дегендей кылышты. Бирок улуусу коркутуп кайра эле зордуктап жүрдү. Мен ошондо 8-классты бүтпөй эле шаарга качып кутулдум. Шаардан жаңы жашоо баштайын дегем, бирок менин тагдырым бузулган экен. Окуюн, иштейин десем эркектер бар, алардан качып калдым. Кыскасы, эркектер бар жерде жүрө албай калдым. Айылга келип-кетип эле жүрдүм. 2015-жылы Чаткалдагы кошунабыздын 2000-жылкы баласы сексуалдык ыдык көрсөтө баштады. Ал балага “эмнеге мен, эмне үчүн эркектерге жабышасың?” деген суроо бердим. Ал “видеолордон эркектер менен эркектерди көргөм, менде ушундай каалоо пайда болду” деди. Мен эркектерден корккондуктан кыздар менен көп жүрүп калгам. Эркектерге кошулчу эмесмин. Ошондон улам ал мени сексуалдык ориентациям башка (кумса) деп ойлогон окшойт. Ал дагы эң биринчи мектептин дааратканасынан зордуктап баштаган. Кийин бир жумада 2-3 жолу зордуктаган учурлары болду. Ал дагы мени коркутуп жүрдү. Жашоом бүтүп калгандай сезилди. Өлөйүн деп да аракет кылып көрдүм, бирок карындашымды ойлоп өлө алган жокмун. Акыркы жолу 2021-жылдын 15-январында болгондон кийин булардын үстүнөн арыз жазам деген ишенич пайда болду. Үчөөнүн тең үстүнөн арыз жаздым. Зордукчулар менен аягына чейин күрөшүп, алар камалган соң чет өлкөгө кетүү кыялым бар. Кудай буюрса, мен дагы жакшы үй-бүлө күтөм. Мага түшүнүктүү жар туш болот деп үмүт кылам. Баарын кайра башынан баштоого даярмын. Бул окуяны жашырып деле койсом болмок, бирок өсүп келе жаткан муунга сабак болсун, бул өңдүү нерселер кайталанбасын деген ойдо айтып чыктым. Азыр заман өтө кооптуу болуп калды. Учурда кордук көргөн жигитке колдоо көрсөтүп жаткан эжеси Н.М. буларга токтолду: – Иним Бишкекте бош эле жүрчү. Окутсак да “эркектер көп экен” деп окубай койгон. Ошондо деле маани бербептирбиз. Кечинде дүкөнгө жалгыз бара албайт. Мен Чаткалда кафе иштетем. Инимди Чаткалга чакыртып алдым. Өзү да бул балдардан өч алуу үчүн келген экен. Кафеде жүргөндө инимди үйгө жумшадым. Бир нерсени ала келчи деп телефон чалсам, көрсө, телефонун менин жаныма унутуп кетиптир. Иним болгондуктан телефонун карадым. Негизи бирөөнүн телефонун кызыгып деле карабайм. Бирок ошондо эмнегедир бир нерсе түрткү болду. Билдирүүлөр жакка кирдим. Мисалы, мен жаман көргөн адамымдын атын башкача жазып сактап коюшум мүмкүн. Ал дагы ошондой кылып сактап коюптур. Так айта албайм. Жаман ат менен жазылыптыр. Ал абонент менен 15-январда жазышкандарын окусам, “кел” деген каттар бар экен. Номерди өзүмдүн телефонумдан тере калсам, мен тааныган адамдын аты чыгып калды. Мен өзүмдү жоготуп, нес болуп калдым. Телефон колумдан түшүп, экраны сынып кетиптир. Көпкө чейин акылыма келе албай турдум. Иним келгенден кийин унчуккан жокмун. Андан кийин оюмду топтоп сурасам, баарын айтып берди. Башында бир эле адамдын кордугун айтып жаткан. Үйгө барганда иним кадимкидей өксүп ыйлады. Жакшылап сурасак 2 бөлөмдөн да кордук көрүп келгенин, баарын ошолор баштаганын айтты. Эртеси күнү өзү милицияга барып арыз жазып келди. Бул окуядан соң мага да жалаа жабуу болуп жатат. Арызды кайтарып ал деп коркутушууда. “Баланын колунан келбейт эле, мунун аркасында башка адам бар” деп, мени кысымга алышууда. Окуянын каарманы күнөөлөп жаткан тарап менен байланышып алардын пикирин угууга аракет кылдык. Экинчи тарап телефон аркылуу пикир билдирүүдөн баш тартышты. Окуя боюнча укук коргоо органдары кандай чара көрөрүнө көз кырыбызды салып турмакчыбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(18)
asefsa
![]()
08.02.2021. 11:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ээ Кудай сактай кор, ушундай Адам тусполдуу айбандардан,ылайым оздоруда ошондой болуп кордолсун!
Aigesha1511
![]()
08.02.2021. 11:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу ата энелер,балдарыбыздын ушундай оор тагдырга туш болуп калбашын алдын алуу учун,18 жашка чейин жон гана простой телефон бериниздерчи.Кочугу кесилип айрылып кетсе жуунтуп жатканда кандай ата энеси карабады экен,конул бурунуздарчы!Мандайга отургузуп алып кунуно 10 мунот суйлошунуздорчу.Аябай окунучтуу,ыйладым.
Mubarak
![]()
08.02.2021. 11:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбанго балдарыбыз учун заманыбыз тынч болсо екен ушул интернет кооп нерсеге куноолууда жаш балдарды тел мн жалгыз калтырбоо кк
Nuri1988Elim2010
![]()
08.02.2021. 14:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коркосуң ой ий, мурда кыздарандан корксок эми уул балдардан да коркуп калдык, ух менин азыр үч уул, бир кызым бар, кудайым өзү сактасын, ушундайлардыкы вообще эле иштебей калса экен
Sweet-home-
![]()
08.02.2021. 14:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жанагындай сайттарды жабыш керек.Оспурумдор ошондой видеолорду коруп жаман адаттарды кылып атат.
Haanykeim
![]()
08.02.2021. 14:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жазасын алсын баары..
sezima93
![]()
08.02.2021. 14:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Супер инфо ушул менен калтырып койбой акырына чейин жеткиргиле тиги эки болосу тиги соседи да камалганга чейин,кыздардыбыздан коркчу элек эми эркек балдарыбыздан да коркуп жашайбызбы,Садыр жапаров ушундай педофилдерге олум жазасын кабыл кылса болот эле мындайлар аябай кобойуп кетти баарын бычып салыш керек или олум жазасые киргизиш керек
AykaMer
![]()
08.02.2021. 20:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сөз да таппай калдым... Вообще 10 жыл прикинь 10 жыл... Эмне деген заман...?!
NURSAPAR
![]()
08.02.2021. 22:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айылдын эли өлтүрүп эле салышсын айбандарды. Болбосо жугат.
ulua
![]()
08.02.2021. 23:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жигиттин кайраттуулугуна баа бердим, жакшы жашоо баштайм деп ой максаты да жакшы экен, ылайым ошондой болсун, сынбаптыр жакшы, тиги акмактарга олум жазасын киргизсе жакшы болмок, педофилдерди олум жазасы гана туздойт, алардын психикасы бузулган онолбойт алар, горбатого могила исправит, сколько волка не корми,,,все равно в лес смотрит, дейтго орустар, бул зоокурлор уйлонсо уйлонгондур бирок адаттары калбайт, наадандар арам олгуло ылайым, арка моюнунунар астынарда калсын, кылган мучонор шал болсун
Birimdik5555
![]()
09.02.2021. 02:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай ыйлатты го, кичинекей баланы 4чу класс болсо, кандай зоокур айбанга окшогондор. Ылайым максатына жетип уй юуло кутуп бактылуу бол. Тиги бололорундун жазасын Аллахым озу берет
AsmanNuru
![]()
09.02.2021. 17:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сынба иним. Акырына чейин туруп, зөөкүр бөлөлөрүңдү каматып сал. Негизи аларды айылдагылар ташбараңга алып өлтүрүп коюшса да аз. Түшүнүктүү кызна жолугуп, Үй бүлөө күт, балдарыңды коргогон ата бол.
Sara1993
![]()
10.02.2021. 10:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
турмодо жатып читип кетишсин, акылсыз акмактар, омур бою жакшылык корбой калышсын.
al-abu-kinesz
![]()
10.02.2021. 22:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турмодо акесин каратып укосун, укосун каратып акесин ошенткенде, качан кочуктору ооруганда анан жетет да мээлерине, канчалык азап берип жургондоруно.
Sajakat14
![]()
12.02.2021. 21:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психологдун жардамы керек балага. Мындай азап чеккендер жанын кыйышат көбүнчөсү. Ошон үчүн жакындары психологго барганына үгүттөшсүн.
nazarnew
![]()
13.02.2021. 19:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Залга барып машык, паттарин түйрү не коркосун бул дүйнөдө Аллахтан көрк, а калганын уруп дагы ойнобо. Баарын чекеден тер.
Nursul
![]()
13.02.2021. 20:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр ушундай кылып жаткан келесоолор телефондон жанакы эвропа АКШнын уяттуу эркек менен эркектин видеосун көрүп кылып жатышат деп ойлойм. Кыргызстанда ушундай сайттарды жаап эле салышса жакшы болот эле ал видеолорду өспүрүмдөр да көрүп жатышат.
Sajakat14
![]()
14.02.2021. 15:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркекти зордуктасам уялып милицияга кайрылбайт деп ойлошконго тиги айбандар! Чын эле зордукталганымды эл билсе эмне болот деп айтпаган эркектер толтурадыр, өзүн өзү өлтүргөндөр бардыр Кыргызстанда ушундай зордук көрүп жашагандан көрө жашабай эле койдум деп. Мындай кылмыш ишти коомчулукка алып чыгыш керек! Зордукчулар билсин! Кызды зордуктаганга эле эмес, эркекти зордуктаган дагы соттолот, түрмөгө тыгылат экенин! Адамдын душасына кетпеген өмүр бою кир так калтырышат да!Мындайлардын орду түрмө!
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|