
1-февралда Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда волейбол боюнча эркектер арасында Өлкө чемпиондугу башталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Маалыматка караганда, Өлкө чемпиондугу 1-5-февраль аралыгында өтүп, Жогорку Лигада жалпы 12 команда эки тайпага бөлүнүп ат салышат. Жеңишке жеткен Жогорку Лиганын эки командасы кийинки сезондо Улуттук Лигага жолдомо алат.
Жумабай Акимов