
Кыргызстандык ФИФА калысы Нурдин Букуев Өзбекстан менен Аргентинанын курама командаларынын 2-3-февралда өтүүчү футзал боюнча жолдоштук беттешин тейлейт. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Букуев беттешти тейлөө үчүн Өзбекстандын Футбол ассоциациясы тарабынан чакырылган.
Белгилей кетсек, Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпиондугундагы беттештерди тейлеген ФИФАнын калыстар тизмесиндеги кыргызстандык жалгыз адис болуп саналат. Ал 4 ирет Дүйнө чемпиондугунда жана 7 жолу Азия биринчилигиндеги оюндарга калыстык кылган.
Жумабай Акимов